Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуАраван району 04.10.2018 13:20 Жаңыланды: 04.10.2018 17:17 На русском

Араванда 250 миң сомго курулган даараткана чыры (видео)

Turmush -  Араван районундагы Нур-Абад айыл өкмөтүндө мамлекеттин каражатына жаңы курулган даараткана стандарттарга жооп бербей турганын айткан айрым жергиликтүү тургундар айыл өкмөттүн ишмердүүлүгүнө нааразы. Айыл өкмөттүн маданият үйүнүн дааратканасын курууга бөлүнгөн каражат толугу менен максаттуу пайдаланылган эмес деген пикирин айрым жашоочулар бүгүн, 4-октябрда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Бул даараткана 2017-жылдын август айында курулуп бүткөн.

Жергиликтүү тургун Бөрүбай Бубаев буга айыл өкмөт башчыны айыптады.

«Ажатканын узундугу 4 метр, туурасы 2 метр болсо кантип 250 миң сом акча кетсин?... Бул боюнча прокуратурага арызданып, учурда тергөө жүрүп жатат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин экспертиза дайындала элек. Биз өзүбүз жеке эксперттерге кайрылып, экспертизадан өткөртүп көрдүк. Анын корутундусунун жыйынтыгы боюнча, аталган ажатканын курулушуна 112 миң сом акча жетмек экен. Ошондо 140 миң сомго жакын акча кайда кетип жатат?

Айыл өкмөт башчы азыр 65 жашка чыкты. Пенсия курагында болгонуна карабай иштеп жатканына биз таңданып турабыз», - деди Б.Бубаев.

Нур-Абад айыл өкмөтүнүн жашоочусу Улукбек Ормонов Ооган согушунун катышуучусу экенин белгилеп, анын жеринин жарымын айыл өкмөт аукционго койгонун айтты.

«Өзүбүздүн 5-10 сотых жерибиз болсо, анын да жарымын аукционго коюп жибергени бизди нааразы кылууда. Акимге арыздансак да анын тапшырмасы аткарылбайт. Көпчүлүк мал чарбачылыгы менен алектенебиз. Жерибизге чөп өстүрүп тоют камдабасак, малдарыбыз ачка калат. Биздин турмушубуз мал менен тыгыз байланышкан. Ансыз тиричилик кыла албайбыз», - деди У.Ормонов.

Ал эми Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев сөз болуп жаткан айыл өкмөт башчы боюнча пикирин билдирди.

«Нур-Абад айыл өкмөтүнүн башчысы Келдибек Абдымомунов 2016-жылы 63 жашында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланган. Пенсия жашына жете электе айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Мыйзам боюнча дагы 2 жыл иштеши керек. Ал эми мыйзамсыз иштери болсо тиешелүү органдар аныктайт, укук коргоо органдары деген бар», - деди К.Айтибаев.

Ал эми айыл өкмөт башчы Келдибек Абдымомунов туура эмес маалымат таратып жүргөндөр болсо сотко кайрыларын билдирди.

«Туура эмес маалымат таратып жүргөндөр болсо, сөзсүз түрдө жооп берет. Алар жала жаап, туура эмес маалыматтарды айтып жүрүшөт. Алар өздөрү ар кимдин жерлерин талашып жүргөн адамдар. Ал эми ажаткананын документтери бар, мыйзамдуу курулган. Андан эч кандай акча "жеген" эмесмин.

Мен 40 жылдан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрөм. Облуста аудитор болуп иштеп жүргөнүмдө айыл өкмөт башчылыкка сунушташкан», - деди К.Абдымомунов.

Учурда Нур-Абад айыл өкмөтүндө 9 миңге жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×