Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Ош облусу, Ош 18.10.2018 01:38

Айыл турмушу: Эстрада ырчыларын кийинткен Жылдыз Токсобаева сайма сайганды уулуна да үйрөттү

Turmush -  Ош шаарынын 41 жаштагы тургуну Жылдыз Токсобаева эстрада ырчыларынын сахнада кийүүчү кийимдерин улуттук орнаменттер менен кооздоо иштери менен алектенет. Чебер кол өнөрчүлүгүнүн арты менен үй сатып алууга жетишкенин аймактык кабарчы менен таанышканда айтып берди.

Жылдыз айым кесиби боюнча мугалим.

«Мен Ош технологиялык университетинде инженер-энергетика багытында жогорку билимге ээ болгом. Окууну бүткөндөн кийин ошол эле университеттин энергетика факультетинде мугалим болуп иштедим. Өзүмдүн кесибим менен 10 жыл эмгектендим.

Мугалим болуу оңой иш эмес. Өзүм жоолук салынып жүргөндүктөн (диндеги ишенимге байланыштуу денесин жаап жүрүү) ал жердеги эркек мугалимдер менен иштешүү кыйын болду. Кийин өз алдымча иштегим келип, жоолукчан кыздарга кийим сатуучу дүкөн ачтым. Алгач Түркиядан товар алып келип сатчумун. Бирок акыркы жылдары доллар көтөрүлүп, мага жакшы пайда түшпөй калды. Ошондо ал ишти токтотуп, өзүм кийим тигип сатайын деген ойдо тикмечиликти үйрөндүм», - деди ал.

Эми гана өзү сүйгөн кесипти аркалай баштаганын айткан Токсобаева эки кыз, бир уулду тарбиялап жатат. Учурда 18 жаштагы уулу сайма сайып, апасына жардамдашып жаткан кези.

«Тигүүчүлүк менен 5 жылдан бери алектенип келем. Кол өнөрчүлүктүн арты менен үй алдым. Өнөркананы ижарага алып иштетем. Келечекте чоң тигүү цехин ачып, жаштарга өнөрүмдү үйрөтүүнү максат кылып жатам», - дейт ал.

Учурда Жылдыз Токсобаева менен бирге иштешкен дизайнер айымдардын саны арбын. Анткени сапаттуу кийимдерди тигип, сатыкка чыгарган кол өнөрчү катары баалашат. Анын тигүүчү, сайма саюучу жабдыктары заманбап болгондуктан, чыгармачыл адамдар дагы көп кайрылат.

«Оштогу эстрада ырчылардын кийимдерине оймо-чиймелерин мен түшүрүп берем. Акыркы убактарда буйрутмалар көбөйүп, өзүм кийимдерди тиккенге убакыт аз болуп жатат», - деди уз-чебер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×