Бөлүмдөр
Бейшемби, 13-декабрь
Ош облусу, Озгон 04.10.2018 15:34

Жаш кикбоксчу Арилет Бакытбек уулу Венециядан күмүш медаль алып келди (сүрөт)

Turmush -  Италиянын Венеция шаарында өткөн кикбоксинг боюнча мелдеште кыргызстандык Арилет Бакытбек уулу күмүш медаль утту. Аны бүгүн, 4-октябрда Өзгөн шаарында салтанаттуу тосуп алуу аземи болду.

Шаардык мэрия маалымдагандай, Арилетти тосуп алууга Курманжан Датка атындагы орто мектебинин жетекчилери, окуучулар катышты. Спортчу бул мектепти 2017-жылы аяктаган болчу. Жолугушуунун алкагында Өзгөн шаардык мэриясы байге ээсине диплом тапшырды.

Жаш спортчу Венеция шаарындагы мелдеште 57 кг салмактар арасында күч сынашты. Ал эми 7-12-августта Өзбекстан мамлекетинде өткөн мелдеште 1-орунду ээлеп, алтын медалга ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×