Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусу, Ош 04.10.2018 17:59 На русском

Ошто 4-кабаттан 8 айлык баласы менен кошо секирген аялдын күйөөсү көрсөтмө берди

Turmush -  Ош шаарында жатакананын 4-кабатынан 8 айлык баласы менен кошо секирген аялга карата козголгон кылмыш иш тергелип жатат. Анын алкагында аялдын күйөөсү суракка алынды.

Ош ШИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, сурак Бишкек шаарында өткөрүлүп, тергөө учурунда жолдошу аялын кысымга албаганын билдирген.

«Акыркы убактарда аялы спирт ичимдигин ичип баштагандыктан ажырашып, кайра жарашып жүрүшкөнүн айтты. Ал эми терезеден секирген күнү да мас абалда болгон. Жолдошу жубайын мындай деңгээлге жеткирбегенин айтууда. Учурда эне менен бала ооруканада», - деди Замир Сыдыков.

Дарыгерлердин акыркы маалыматы боюнча, келинди туугандары карап жатса, 8 айлык баланы окуядан кийин Чүйдөн Ошко барган чоң апасы багып жатат.

--------------------------------------------------------------------

Балалуу келин 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү такталды. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, терезеден кулаган аялдын буту сынса, баласынын баш сөөгү сынып, баш мээсине кан уюп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалып, ар тараптуу текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, 4-кабаттан секирген келин үй-бүлөсү менен Чүй облусунда жашап жаткан. Жолдошу менен пикир келишпегендиктен эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласы менен август айынын ортосунда Ош шаарындагы бир тууган эжесинин үйүнѳ келген. Күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳн.

Бул фактыга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Расмий маалыматта баласын көтөргөн аял терезеден секирген учурда мас абалда болгону айтылат. Ал эми өзүнүн энеси өмүрүнө кол салган наристенин келечеги социалдык кызматкерлер менен бирге талкууланып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×