Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 05.10.2018 09:48

Кара-Сууда кичи автобус толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 23 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 5-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Адамдар жаракат алган жок.

Оштогу Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылында «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен өрттөндү. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында сарайдан өрт чыгып, анын кесепетинен 300 чарчы метр чатыры, 300 түк чөп, 1,5 тонна сарымсак, 1 тонна картошка, 1 тонна арпа, 170 солярка күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×