Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуӨзгөн району 05.10.2018 10:35 На русском

Сүрөт — Өзгөндө унаалардын кагышуусунан 66 жаштагы аял каза болду

Turmush -  Өзгөн районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык болду. Окуянын кесепетинен 66 жаштагы аял жүргүнчү каза болгонун Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 4-октябрь күнү саат 11:40 чамасында Өзгөн районунун Кароол айылында Алай районундагы Жаңы-Алай айылынын 1958-жылы туулган тургуну С.Т. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жаткан. Ошол учурда унаанын башкаруусун жоготуп, каршы тилкеде келе жаткан «Даф» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унаа Өзгөн шаарынын 1988-жылы туулган тургуну К.Э.нын башкаруусунда болчу.

Кагышуунун кесепетинен «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү — Кара-Суу районунун тургундары аймактык оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткирилген.

Алар:

- 1958-жылы туулган С.Т., айдоочу;

- 1962-жылы туулган М.К.;

- 1962-жылы туулган М.С.;

- 2017-жылы туулган Т.А.

Ал эми 1952-жылы туулган С.С. (аял киши) оор жаракат алып, ооруканада көз жумду.

Аталган кырсык боюнча учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×