Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2018 16:53 На русском

Жетекчилердин өлүмү, эки кызы менен зордукталган эне, 5,6 млн доллардын тонолушу... Полковниктин тажрыйбасы

Turmush -  Ош шаарында ИИМдин кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси белгиленди. Аталган кызматта 25 жылдан бери эмгектенип келе жаткан Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов иш учурунда башынан өткөргөн окуялар тууралуу баяндап берди.

Малик Нурдинов 1993-жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенет. Алгач баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп иштеген.

Күнүмдүк бизнес, акча табуу булагына айланган баңгизат, кылмыштуу топтор

Ал кездеги жетекчибиз Расул Раимбердиев болчу. Ошол учурда атайын башка укук коргоо кызматкерлери жана күч структуралар менен түзүлгөн ыкчам операция болгон. Тажик-кыргыз чек арасында жайгашкан «Кызыл-Арт» деген пост бар, ошол жерден 110 килограммга жакын апийим алып бара жаткандарды кармап келгенбиз. Чек арачылар снайперлерди коюп, жалпы трансулуттук уюшулган баңги бизнес боюнча топ кармалган. Аны «Нью-Йорк таймс» гезитине тартып кетишкен. Себеби аябай чоң операция болчу. Анда биздин ыкчам кызматкер Бишкектен келген сатып алуучу катары операцияга катышкан. Андан кийин мындай көп кылмыштардын бетин ачтык. Жыйынтыгында 1995-1996-жылдары баңгизатка каршы күрөшүү кызматында эң мыкты кызматкер деп табылып, кол саат менен сыйландым.

1997-жылдан баштап 1999-жылга чейин Ош ОИИБде ыкчам өкүл болуп эмгектендим, ал кезде 35ге жакын ыкчам кызматкер иштешчүбүз. Кылмыштуулук абдан көбөйүп, бир жылда адам өлтүрүү боюнча 35 факты катталган. Мындан сырткары карактоо кылмышы көбөйүп, анын кесепетинен адам өлтүрүү фактысы өсүп кеткен. Себеби баңгизат боюнча каттоодо тургандардын 2 миңден ашыгы түрмөдө отуруп чыккандар болчу. СССР тарагандан кийин жаңы кылмыштардын түрү көбөйгөн. Мисалы, контрабанда, ийне сайынган наркомандар, баңгизатты ашыкча колдонуп каза болгондор, баңгизаттын айынан акча уурдагандар, акча алуу максатында адам өлтүрүүлөр көп болгон.

Жергиликтүү калк юридикалык жактан сабатсыз болуп, арыз жазышкан эмес. Каттоодо турган наркоманды, ууру кылмышкерди суракка алып, текшергенде гана бир канча кылмыштын бети ачылган. Баңгизат ар кандай багытта келген. Бул көрүнүш күнүмдүк бизнеске, акча табуу булагына айланган.

Ош ОИИБнин кылмышкерлерди издөө бөлүмү, баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жапа тырмак күрөшүп, абалды көзөмөлгө алып турган. Буга карабастан жергиликтүү тургундардын арасында баңгизатка муктаж болгондор көбөйгөн, баңгизат ооруга айланып, түрмөлөрдүн ичинде да сатыла баштаган. «Криминал», «общяк» деген сөздөр пайда болду...

Жогорудагы жагдайлардан улам 1990-2000-жылдар аралыгында уюшулган кылмыштуу топко каршы күрөшүү деген бөлүм түзүлгөн. Ар кандай уюшулган кылмыштуу топтор пайда болуп, алардын ичинен лидерлер чыккан. Алар жада калса түрмөнүн ичинде да топ түзүшкөн. Ошол кездеги уюшулган кылмыштуу топ кылмыш иликтөө бөлүмүнөн күчтүрөөк болууга, техникалык жактан өсүүгө умтулуп, саясатка аралаша баштаган. Аларды кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөлгө алып, кылмыш иликтөө деген ат крим чөйрөсүнө чагылгандай болуп, сокку берип турган.

2000-жылга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүгүн алгандан кийин жарандарыбыз жумушсуздуктун айынан ар кандай жеке секторлордо иштешкен. Бири спирт ичимдигин сатса, экнинчиси базарда соода кылып, айрымдары такси айдоого мажбур болушкан. Бул учурду пайдаланып, кылмыш дүйнөсү өрчүп, ар бир аймакта өзүнө ишенген «смотрящий», «положенец» дегендер пайда боло баштаган. Ошол эле учурда аларга каршы кылмыш иликтөө кызматкерлери тийиштүү ыкчам иш-чараларды өткөрүп турушкан.

Бычакталып, каттуу токмоктолгон кызматкерлер

Бир окуя эсиме түштү. 1996-жылдын 16-март күнү кызматкерлер менен ыкчам маалымат боюнча барсак, Өзбекстан Республикасынан жана башка жактан келген 20дай адамдан турган трансулуттук уюшулган топ жыйналыш өткөрүп жаткан экен. Биздин мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, таң калышты. Себеби буга чейин аларга мындай талаптар такыр коюлбай, чайханага текшерип эч ким кирген да эмес экен. Биз киргенде эле алардын башчысы «буларды өлтүргүлө, мен жооп берем» деген буйрук берип, кыйкырды. Алар дароо жардамчыбызды бычактап коюшту. Жаныбызда куралыбыз да жок болчу. Колго тийген кетмен, жыгычтар менен урдук, бирок кесиптешим Бакыт каттуу токмок жеп, өзүн жоготуп, жерге жатып калды. Буга карабай бизди таш менен уруп башташты. Ал жерден жардамчымды жана Бакытты кошуп короодон сүйрөп чыгып кеттим. Бакыт экөөбүз туруштук берип тирүү чыктык. Эки айдын ичинде ошол уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн таап, кууп жүрүп кармадык.

Ош шаары «Кызылдардын шаары» атка конгон

Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринде конституцияны, мыйзамды сактоо идеологиясы күчтүү болчу. Кылмышкерлер менен күрөшүп жүрүп, наркомандардын өлгөнүн, жарандарды карактап кетип, алардан жаракат алгандарын көрдүк. Ушул көрүнүштөн кийин кылмышкерлерге жумшак мамиле кылууга мүмкүн эмес эле.

2000-жылга чейин Ош шаары, Ош облусунун аймагы «Кызылдардын шаары» (Красный город) деп аталып калган. Бул ошол учурдагы кылмышкерлерди издөө бөлүмү кандай иштегенинен кабар берет. Уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, лидерлери Ош облусунун аймагында жыйналыш эмес, туулган күнүн да өткөзө алган эмес. Себеби устаттарыбыз жана алардын жолун жолдогон кызматкерлер андайга мүмкүнчүлүк берген жокпуз. Жада калса кумар ойноп жаткан жеринен кармап, каттоого алып, алдын алуу иштерин жүргүзчүбүз.

«Мен смотрящиймин» дегендерге аябай катуу сокку берип, кымбат унаа айдап жүргөндөрдү «кайдан алдың, акчаны кайдан таптың?» деп суракка алчубуз. Крим чөйрөдөгүлөр Ош облусунда кеңири буту-колун сунуп жүрө албайт болчу. Ошондон улам шаар «Красный город» деп айтылып калган. Кийинки учурда Ош облусунун аймагындагы кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштегендерди «Алиевдин мектеби» (Алиевская школа) деп аташкан. Мында мамлекетибиздин, милиция кызматкерлеринин, КИБнүн беделине шек келтирбей, тескерисинче кадырын көтөргөн кызматкерлер — Эргеш Алиев, Уран Алиев, Чыныбек Алиев, Адыл Султанов жөнүндө сөз болуп жатат. Мен да ушул кызматкерлерден тарбия алдым, өстүм, үйрөндүм.

Кылмыш дүйнөсү саясатка аралашып баштаган

Ал эми 2000-2005-жылдардын аралыгында мамлекетибизде өзгөчө криминогендик абал, кырдаал түзүлгөн. Кылмыш дүйнөсү саясатка аралашып, акчалуу болуп, бийликтеги адамдардын кызыкчылыгы, колдоолору менен крим чөйрө күчтөнүп кеткен. Мындан улам пикир келишпестик, милиция кызматкерлерин сатып алуу аракеттери башталды. Милиция кызматкерлери алардын бул ыкмасына макул болбой, тескерисинче катуу күрөш баштады. Алардын негизги киреше табуучу булактары болгон баңги бизнесине бөгөт коюлуп, алды 900 кг арты 20 кг чейинки баңгизат алынды. Мыйзамсыз кирешелерге жол берилбей жатты. Акыры саясий толкундоолор учурунда пайдаланууну чечишти. Нааразычылык акция учурунда крим чөйрөнүн мүчөлөрү элди милиция кызматкерлерине каршы тукурушту. Милициянын таза иштеген жетекчилерин буйрутма менен өлтүрүүгө өтө башташты. Себеби сатып ала албай калышкан болчу.

Ошондой мезгилде 2005-жылы 24-мартта революция болуп, ал кездеги кырдаал «кара чөйрөнүн» колуна келип калды. Убакыттан пайдаланып Чыныбек Алиевди, андан кийин эле Уран Алиевди, 2008-жылы Анвар Алиевди атып кетишти. 2005-жылдан 2010-жылга чейин кылмыш чөйрөсү өрчүп, мамлекетибиздин туу чокусуна чыкты. Кылмыш дүйнөсүндөгүлөр ачык жүрө баштады, себеби аларды бийликтеги айрым салмактуу адамдар өздөрү колдоп турган. Албетте, милиция жөн турган эмес, катуу сокку берип, көзөмөлгө алып, далай кылмыштардын бети ачылды.

2005-жылы сентябрь айында Ош шаарынын «Алай» мейманканасынын тегерегинде атышуу болуп, 7 адам жаракат алган. Ошондо да милиция кызматкерлери сүйлөшүүгө барып, коопсуздукту сактаган.

Эки кызы менен зордукталган эненин өлүмү

2010-жылдын октябрь айында Кара-Кулжа районун Сары-Камыш айылында бир аялды, эки жаш кызы менен зордуктап, бычак менен союп, өлтүрүп кетишкен. Бул өтө резонанстуу окуя болгон. Себеби кыздарыдын бири 1-класстын, экинчиси 3-класстын окуучулары болчу. Биздин иликтөөнүн негизинде кылмышкер табылып, ал каза болгон аялдын кошунасы болуп чыккан.

Кызматтык милдетин өтүп жатып каза болгон кызматкерлер, аэропорттогу тоноо

1990-жылдан 2005-жылга чейин Кыргызстандын түштүк аймагында жарандарды атайын топтор террордук уюмдарга тартуу боюнча аракеттерди күчөтө башташты. Мисалы, дин боюнча билимсиз жаштарды сабакка чакырымыш болуп, туура эмес жолго багыттап, жардырууга, аскердик иштерге үйрөтүшкөн. 1997-жылы автоунаа, банк жарылды. Кылмыш иликтөө бөлүмү кылмыштуулук менен катуу күрөшүп, террорчулар кармалып жатты. Тилекке каршы катарыбыздагы мыкты кызматкерлерибиздин баа жеткис өмүрү кыйылды.

2004-жылы 20-ноябрь күнү милициянын кенже лейтенанты Нурлан Сайдиев «Шер» аттуу террорчу топтун мүчөлөрүн кармоо учурунда кызматтык милдетин аткарып жатып баатырларча курман болду.

2014-жылдын 22-декабрында 14 кишиден турган уюшулган кылмыштуу топ аэропортто тоноо фактысын жасады, алардын жетөөсү биздин жаран болгон. Ар биринин колунда автоматтар, тапанчалар, «спецназ» жазуусу бар формаларды, бепкап кийип, атайын унааларды даярдашкан. Унаалары кетип бара жатканда эле атайын баскычты басканда номурлары алмашканы менен өзгөчөлөнгөн. Аэропортко эртең менен саат 8:00дө киришкен. Ошол кезде айрым жарандар учуп келе жатса, ал эми айрымдары учууга даярданып турган учур эле. Ал жердеги милиция кызматкерлери алардын ким экенин сураганда атайын операция жүрүп жатканын айтышкан. Алар фирмалардын биринин директорунун колун кайрып, кишен салып, башына мүшөк кийгизип, кылмышкерге окшоштуруп алып чыгып кетишет. Ал жер акча которуучу жер болчу. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү 5 млн 600 миң доллар акчаны алып чыгып кетишкен. Жабырлануучулардын жалпы саны 42 адам болгон.

Жыйынтыгында кылмышкерлердин изине түшүп, кылмышка шектүү 7 жаран кармалып, 1 млн доллардан ашык акча кайтарылган. Калган шектүүлөр Казакстанда жашынып, биз аларды кармоо боюнча тийиштүү материалдарды ошол мамлекеттин укук коргоо органдарына жибергенбиз. Алардын изине түшүү үчүн бир айдан ашуун убакыт кетти. Алар кылмыш жасаган учурда пайдаланган автоунааны изин жашыруу максатында атайын жабдуу менен майдалап кескилеп салышкан экен.

2010-жылы 13-июнда кесиптешибиз, милициянын полковниги, Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Адыл Султанов чагымчылар тарабынан мыкаачылык менен курман болгондугу боюнча маалымат келди. Бул окуя жалпы укук коргоо органдарына тийген бычак болду. Тез арада бул кылмыштын бетин ачууга кирише баштадык. Кабарды уккан жарандык коомдун өкүлдөрү, куралдуу күчтөрдүн жоокерлери да колдоруна курал алып, окуя болгон жерди басып алууга даярданып калышкан эле. Биз акыл калчап, ачууга алдырбастан мыйзам чегинде иш алып барууну тандап алдык. Милиция, аскер кызматкерлерине мыйзамды сактоого буйрук бердик. Жарандарга, маркумдун жакындарына түшүндүү иштерин жүргүзүп, бул ишти аягына чыгардык. Бул кылмышка шектүү катары 15 адам кармалды. Негизги уюштуруучулардын бири колго түшүрүлдү. Ал ошол окуя болгон күнү качкын катары Бишкекке учуп барып, Казакстандын аймагына кире качкан. Казакстандык кесиптештердин көмөгү менен колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын көпчүлүгү өмүр бою эркинен ажыратылды.

Ош окуясына байланыштуу кылмыштарды иликтеп жатып уюшулган топтордун кайда, эмне иш кылып жаткандыгын көзөмөлдөө учурунда 40тан ашуун адамдан турган диверсиялык топ түзүлүп жаткандыгы маалым болду. Алардын башында Улукбек каймана аттуу адам турган. Алардын негизги максаты Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтын жетекчилерине кол салуу болчу. Топтогу 10 адам колго түшүрүлүп, далил буюм катары 6 даана ок атуучу автомат, бир даана снайпер мылтыгы, бет каптар, 7000 даана ок-дары, эң коркунучтуусу 30 кг колго жасалган жардыруучу зат алынган. Ошол учурда бул операция өтө жашыруун жүргүзүлгөн болчу. Колго түшүрүлгөн топтор үчкө бөлүнүп, иш алып барышмакчы болушкан. Ошондой эле топту кийин Бишкек шаарында кармашты. Айрым мүчөлөрү азырга чейин издөөдө жүрүшөт.

Мен айрым гана кылмыштарга токтолдум. Бир кылмышты чоң же кичине деп айта албайбыз. Резонанс жараткан деп гана айта алабыз. Ар бир кылмыштын артында канчалаган адамдардын тагдыры жатат. Бирөө атасынан, бирөө апасынан, айрымдары чырактай балдарынан ажырап, кээ бирлери дарексиз болгон жакындарын сыздап, үмүт менен күтүп, канчалаган көз жаштар төгүлүп жатат.

Учурда иштеп жаткан кесиптештеримди улуу муундагы устаттарыбыз түптөп кеткен салтты улап, кылмышкерлердин жолун бууп, эл кадырлаган инсандардын катарында болуп, элдин бейпилдиги үчүн өз жанын берген кесиптештерибизди үлгү катары тутуп, мекенибизге ак кызмат кылууга чакырам.

Маектешкен Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Жеңиш Аширбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×