Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 05.10.2018 18:41

Ош шаарына 3018 жыл: 68 жыл сакталган тажик чапаны, 24 кг салмактагы ашкабак жана 5 килограммдык нан (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 3018 жылдыгынын алкагында уюштурулган көргөзмөлөргө тамак-аштардын түрү жана өзгөчө буюм-тайымдар чыгарылган. Кара-Суу районунун тургуну Дилафуруз Галиева 1950-жылы тигилген кайнатасынын чапанын алып келген.

«Мындай атластар азыр жок, болсо да метри кымбат. Мугалим эжекебиз өзүнүн чапанын музейге берди. Ал чапанга 68 жыл болду. Ал эми кайнатамдын чапаны да өзгөчө атластан тигилип, көп жыл сактап жүрүп музейге бердим», - дейт Галиева.

«Ош — ооматтуу ордо калаа» аталышындагы айыл чарба жармаңкесинде бардык райондор өз продукцияларын алып келишкен. Алардын арасында Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнөн 24 килограммдык ашкабак да бар. Ашкабак өстүргөн Бекмурат Баатыров былтыркы көргөзмөгө 33 килограммдык ашкабак алып келген.

«Ашкабактын данегин мага Москвадан жиберишкен. Эки жылдан бери жеп турууга гана эккенмин. Айылдаштарым көрүп, көргөзмөгө сунуш кылышкан. Бир ашкабак бир үй-бүлөгө көп болгондуктан, ашканалар гана сатып алышат. Бүгүнкү көргөзмөгө 4 даана ашкабак алып келип, килограммын 20 сомдон саттым. Келечекте ашкана, кафелер менен иштешүү оюмда бар. Эки жылдан бери көргөзмөгө келем», - деди Бекмурат Баатыров.

Ош шаарынын майрамына арналган 5 килограммдык нанды Фатима Гайылдиева жаап келген.

«Суу май, сары май, жумуртка, шекер кошулган нанга 5 килограмм ун кетти. Нанды мештин табагына ылайыктап жасадым. Дайыма майрам, маарекелерге пирамида нандарды жасап турам. Азыр бул нанды 500 сом деп баалап жатам. Эгер андан жогорку баага сатып алышса андан жакшы», - деди ал.

Мындан сырткары, көргөзмөгө чоподон жасалган 15 миң сомдук гүл салгыч жана зер буюмдарды алып келишкен.

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Шаар күнүнө карата бир катар иш-чаралар, оюн-зооктор уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×