Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусу, Ош 05.10.2018 19:02

Ош шаарына 3018 жыл: Спорттук оюндарда күч сынашкан жетекчилер (видео)

Turmush -  Ош шаарынын 3018 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн спорттук оюндарда шаар жетекчилери да күч сынашты.

Аймактык кабарчы билдиргендей, Ош шаарынын күнүнө карата спорттун күрөш, ордо, теннис, кол күрөш, волейбол боюнча мелдештер уюштурулду. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов теннис ойносо, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов улуттук оюндардын бири болгон ордо оюнун баштап берди. Ал эми вице-мэрлер кол күрөштө күч сынашты.

Спорттун волейбол түрү боюнча командалык оюндар ден соолукту чыңдоо борборунда уюштурулду. Ал эми күрөш борбордук аянтта өткөрүлдү.

Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарынын 3018 жылдыгы салтанаттуу белгиленип жатат. Шаар күнүнө карата бир катар иш-чаралар, оюн-зооктор уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×