Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.10.2018 13:57

Кара-Суудагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы убактылуу кызматтан четтетилди

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдукаримов убактылуу иштен четтетилди. Бул тууралуу Кара-Суу раймамадминистрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, бир жума мурун Кара-Суу раймамадминистрациясына Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысын убактылуу иштен бошотуу боюнча тергөөчүдөн кат келген. Мындан улам аталган айыл өкмөттүн башчысы убактылуу иштен бошотулган.

Буга чейин аталган айыл өкмөттүн башчысы менен жер адиси жер мыйзамдарын бузгандыгы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү тарабынан кармалганы айтылган. Алардын кармалышына 10 адамга жер берүү боюнча токтомго негизсиз кол коюшкандыгы себеп болгон. Аймактык кабарчы Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимовге кайрылганда ал айыл өкмөт башчысынын кармалганы боюнча маалыматты уккандыгын, бирок кат жүзүндө расмий маалымат келбегендигин билдирген.

Эске салсак, буга чейин Ош облустук прокуратурасы Кара-Суу районундагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысына жер мыйзамдарын бузгандыгы боюнча иш козгогон. Тергөө иштери аягына чыкканга чейин ал кызматтан бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×