Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 06.10.2018 16:03

«Адамдыкка сапар» дил маек сериясы: ЖКнын депутаты ОГПИнин активисттери менен жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 6-сентябрда КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Абдувахаб Нурбаев Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда болуп, анда окуу жайдын алдындагы Жаратман чыгармачылык борборунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда эл өкүлү жаштар менен жакындан маек куруп, билим, маданият, экономика, жаштардын ааламдашуудагы орду тууралуу бир топ маселелерге токтолду. Мындан тышкары депутат өз иш пландарынын негизги багытын экономика жана билим берүү боюнча жүргүзүп жатканын белгилеп, аталган багыттар боюнча аткарган иштери, алдыдагы пландары боюнча маалымдап өттү. Ошондой эле, А.Нурбаев студенттерди китеп окууга, тил үйрөнүүгө чакырып, заман талабына ылайык адис гана мыкты кадр боло турганын билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү катышуучулардын бир топ суроолоруна жооп берип, алардын сунуш-пикирлерин кабыл алды.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуу Жаратман чыгармачылык борборунун ар ишемби күнү болуучу «Адамдыкка сапар» аттуу дил маек сериясынын алкагында уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×