Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусу, Ош 09.10.2018 09:08 На русском

Ошто азиз жарандар жашаган үйдүн пайдубалы чөгүп, дубалынан жарака кетти (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын Анар кичи районунда 2012-жылы угуу, көрүү жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандар үчүн жаңы типтеги 5 кабаттуу, 45 батирлүү үй тургузулган. Ал жерге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 45 үй-бүлөсү көчүрүлгөн болчу.

Андан көп узабай, 2016-жылы көп кабаттуу үйдүн тер төлөсүндөгү түштүк тарабы чөгүп, үйлөрдүн ичинен жаракалар пайда боло баштаган. Жашоочулардын бири Эшболот Карабаевдин айтымында, үйдүн бир тарабы чөгүп кеткени куруучулардын катачылыгынан болгон. Учурда үй ичиндеги жаракалар жашоочуларды кооптондурат.

«Бул үйдүн шарттары жакшы, бирок сапатсыз курулуп калганы ойлондурат. Батирлердин ичиндеги жана жер төлөдөгү жылытуучу түтүктөр кышында жарылып кетет. Учурда кышка даярданып, жер төлөдөгү түтүктөрдү алып, биротоло ал жакты жаап салдык. Анткени алар жарылып кетсе, жер төлөнү суу каптап калат.

Мындан 2 жыл мурун үйдүн түштүк тарабы чөгүп, дубалдардан жаракалар пайда болгон», - деди Эшболот Карабаев.

Анар кичи районундагы бул үйдө 250-300 адам жашайт. Аларга мамлекет тараптан айына коммуналдык төлөмдөргө жардам иретинде 1000 сом өлчөмүндө акча берилип турат. Ал эми жашоочулар өздөрү каражат чогултуп, үйдүн сыртында тамак бышыруучу ашкана курушкан. Анын ичинде 3 очок, 1 чай кайнатуучу самоор бар. Ал жерде той-мааракелерди да уюштуруп турушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×