Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 08.10.2018 12:12

Беш-Коргон айылындагы каналга 6,5 млн сомдук көпүрө курулду

Turmush -  Ноокаттын Гулистан айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Коргон айылындагы Чили Сай каналына жаңы көпүрө курулду. Райондук администрациянын маалыматы боюнча, көпүрөнүн туурасы 9 метр, узуну 18 метр болот.

11,5 тонна жүккө ылайыкталган көпүрөнү куруу иштери 2017-жылдын апрель айында башталган. Ага республикалык бюджеттен 6,5 млн сом бөлүнгөн болчу.

Гулистан айылына караштуу Чили Сай орто мектебинин имаратына жетүү үчүн жергиликтүү эл, окуучулар Чили Сай каналындагы суудан өтүшү керек. Айылдагы 200 окуучу көпүрөнүн жоктугунан жергиликтүүлөр өздөрү түптөгөн жол менен каттап турушкан. Өткөн жылы эски көпүрө жараксыз деп табылгандан кийин жаңы көпүрөнүн курулушун башташкан эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×