Бишкек—Ош жолунда эки унаа талкаланып, жүргүнчү көз жумду (сүрөт)
Turmush - Бишкек—Ош унаа жолунун 641-чакырымында 2 унаанын катышуусундагы жол кырсыктан бир адам каза болуп, 5 жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкталган маалымат боюнча, окуя 6-октябрь күнү саат 15:40 чамасында Кара-Суудагы Катта-Талдык айыл аймагына караштуу Жаңы-Турмуш айылында болгон.
Талкаланган унаалардын бири — «Хонда Эйрвэйв» үлгүсүндөгү унааны Өзгөн районунун 1993-жылы туулган тургуну К.Э. түндүктөн-түштүккө карай башкарып бара жаткан. Ал эми «Хонда Фит» унаасын Кара-Суу районунун 1986-жылы туулган тургуну С.А. башкарып жүргөн.
Кырсыктан кийин биринчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү — Өзгөн районунун тургундары:
- 1965-жылы туулган М.А.;
- 1982-жылы туулган П.Д.;
- Бишкек шаарынын 1990-жылы туулган тургуну А.С;
- «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу С.А.;
- «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1979-жылы туулган тургуну Ж.А. денесинен жаракат алып, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Ал эми «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү — 1975-жылы туулган С.Н. оор жаракаттын кесепетинен окуя болгон жерде каза болду. Аталган кырсык боюнча учурда Кара-Суу РИИБи тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.