Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуНоокат району 09.10.2018 09:55 На русском

Чечме-сайлыктар «Көчө» тасмасы тартылып бүткүчө чыгармачыл топту коноктоп турушкан

Turmush -  Ноокаттык тургундар 1973-жылдын 8-октябрында Геннадий Базаровдун «Көчө» тасмасынын бет ачары болгонун унутуша элек. Бул тасма Кыргызстандын үч жеринде — Ош, Токтогул шаарларында жана Ноокат районунун аймагында тартылган.

Ноокат районунун Чечме-Сай айылындагы тартуу иштерин айыл тургундары азыркы убакта да эскерип турушат. Ошол убакта 4-класста окуган Абдыразак Турдубаев учурда 57 жашта. Ал тасма учурундагы кызыктуу окуяларды айтып берди.

«Фильмдин сценарийин жазган Мурза Гапаров ноокаттык болгондуктан тасма тартылып бүткөнчө киночуларды айылдагылар сыйлап, коноктоп турушкан (болжол менен 2 жума). Учурдагы Мамыров мектебинен да кадрлар тартылып, жогорку класстагы сулуу кыздар-балдар тандалып алынган. Ал эми төмөнкү класстагы тентектерди мектептен окуучулар чуркап чыккандагы кадрга катыштырышкан. "Мектептен чуркап чыгасыңар, аппаратты, бизди карабайсыңар” деп режиссер даярдайт. Эми эле чуркап чыксак бирөөсү аппаратты карап коюп, кайра кайталатат. Ошентип чуркап чарчаганбыз. Мектепте эки күн жүрүшкөн», - деди Абдразак Турдубаев.

Абдразак Турдубаев

Абдыразак Турдубаев

Ал эми «Көчө» тасмасында электриктин аткаруусундагы ырды Чечме-Сай айылында жашаган Эсен Сейитов өзүнүн үнү менен ырдаган.

«Окуучулар тасма бүткөнчө аларды ээрчип жүргөнбүз. Сайдын ичинде ат арабаны айдай алышпай жүдөшкөн. Фильмге катышып жаткан ити качып кетип, айылдын балдары кармап келгенбиз», - деп кошумчалады Турдубаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×