Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуНоокат району 09.10.2018 13:28

Кызыл-Тейит айылындагы жаштар борбордук көчөнү 220 миң сомго жарыктандырышты

Turmush -  Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Тейит айылынын борбордук көчөсү жарыктандырылды. Бул демилгени жергиликтүү жаштар көтөрүп, өздөрү каржылаганын айыл башчысы Акжол Матисманов маалымдады.

«4 чакырым борбордук көчөнү айылдын жаштары өз каражаттарына жарыктандырып беришти. Ага жалпы 220 миң сом сарпталды. Ошону менен бирге айылдын 50 түтүн жашаган жаңы конушуна трансформатор орнотулду. Буга чейин алар электр энергиясын коңшу көчөдөн алып келишкен. Трансформатор айыл өкмөттүн бюджетинен 187 миң сомго алынды», - деди Акжол Матисманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×