Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 09.10.2018 15:48 На русском

Жер чыры. Папандагы айрым тургундар райондук соттун алдына чогулушту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 9-октябрда Кара-Суу райондук сотунун имаратынын алдында Папан айылынын 15ке жакын жашоочусу нааразычылык билдирип чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашоочулардын биринин айтымында, райондук соттон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылышат.

«Папан айыл өкмөтүнүн башчысы мыйзамдуу түрдө жооп берсин деп жатабыз. Учурда ага 15тей адам нааразычылык билдирип турабыз. Анан калса бул жакта балдарыбызды айыл өкмөт башчынын тарапташтары коркутуп, унааларына салып кетип жатышат. Биз соттордон адилеттүү чечим чыгарууну талап кылабыз», - деди Гүлжамал Казиева.

Гүлжамал Казиева айыл өкмөттүн тарапташтарынан да 100дөй адам райондук соттун имаратынын алдында турганын, алар кандай талап айтып жатканы азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

Буга чейин Папан айыл өкмөтүнүн айрым тургундары АКИпресс-Ошто маалымат жыйынына чогулушуп, айыл өкмөт башчысы жана жер адиси жерди өздөрүнүн туугандарына жана капчыктууларга гана берип жаткандарын айтып, президентке кайрылуу жасашкан болчу.

Андан көп өтпөй аталган айыл өкмөттүн башчысынын орун басары менен жер адиси маалымат жыйын куруп, айтылып жаткан айыптоолорду четке кагып, нааразычылык билдирип жаткан тургундар жер сатуу бизнеси менен алектенишерин айтып чыгышкан.

Кийинчерээк ушул эле айыл өкмөттүн 50дөй жашоочусу да маалымат жыйынга чогулуп, 7 жарандын айынын 108 адам өздөрүнө бөлүнгөн жерлерине үй сала албай жатканын билдиришкен эле.

Бул иштер боюнча Папан айыл өкмөтүнүн башчысына Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ал кызматынан убактылуу четтетилген. Учурда айыл өкмөт башчы менен жооптуу катчынын иши Кара-Суу райондук сотуна өтүп, биринчи соттук кароо болуп жатканы маалым болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×