Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 09.10.2018 17:44 На русском

Кара-Кулжада 9 млн сомдук көпүрө куруп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Токбай-Талаа айылында жаңы көпүрө курулуп жатат. Чалма айыл өкмөтүнүн башчысы Чолпонкул Алишовдун айтымында, бул курулушка 9 млн сом жумшалат.

Жаңы көпүрө курулса Токбай-Талаа айылын жайыт жана кыштоо менен байланыштырып, жергиликтүүлөргө жакшы шарттар түзүлөт. Бул долбоор Аймактарды өнүктүрүү жылына карата сунушталып, жеке ишкер Курсантбек Сатыбалдиев жана анын туугандары тарабынан колдоо тапкан. Алар көпүрөнүн курулушун толугу менен каржылайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×