Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Ош облусуАраван району 10.10.2018 16:21 На русском

Базардагы жер чыры. Аравандагы жергиликтүү депутаттар президентке кайрылуу жолдошту (видео)

Turmush -  Араван районунун Юсупов айыл өкмөтүнүн жашоочулары жана айылдык кеңештин депутаттары Жогорку Кеңештин депутатынын агасы айыл өкмөткө тиешелүү жерди мыйзамсыз иштетип жаткандыгын бүгүн, 10-октябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдирип, президентке кайрылуу жолдошту.

Юсупов айылдык кеңешинин депутаты Шавкатбек Тешебаевдин айтымында, депутаттын агасы 2012-жылы Юсупов айыл өкмөтүнөн 40 чарчы метр жерди 5 жылга ижарага алган. Ижаранын мөөнөтү 2017-жылы бүткөнүнө карабай бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке салык төлөбөй, иштетип келе жатат.

«Базар жайгашкан аймак мамлекеттин жери болуп саналат. Ал иштетип жаткан жер Юсупов айыл өкмөтүнүн балансында турат. Керек болсо аны тастыктоочу документтер бар. Бул киши учурда базар кылып иштетип жаткан жерди 2012-жылы 5 жылга ижарага алган. Ижаранын мөөнөтү 2017-жылы аягына чыккан. Бирок буга карабастан 1 жылдан бери айыл өкмөткө салык төлөбөстөн иштетип жатат. Биздин маалыматыбыз боюнча, ал киши базардан күнүнө 350-400 миң сом киреше табат. Ал эми жерге жылына 10 миң сом гана салык төлөйт. Ижаранын мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра келишим түзүүсү же жерди кайтарып берүүсү керек эле. Биз текшерип барсак эле "бандиттер келди" деп үстүбүздөн арыз жазып салат. Бул иш боюнча райондук, райондор аралык, облустук соттон утуп чыкканбыз. Эми иш 22-октябрда Жогорку сотто каралмай болуп жатат. Ошондуктан президентибиз Сооронбай Шариповичтен бул ишти мыйзамдуу чечип берүүнү суранабыз», - деди Ш.Тешебаев.

Ушул эле айылдык кеңештин депутаты Фархатбек Жусупов: «Биздин айыл өкмөттүн жылдык бюджети 16-17 млн сомдү түзөт. Базардан күнүнө 350-400 миң сом киреше түшөт экен. Аны мамлекетке кайрып алсак, ошондой пайда айыл өкмөттүн казынасына түшмөк эле. Бүгүнкү күндө депутаттар мунун арты менен жүрүп, бир жыйынтык чыгара албай жатабыз. Юсупов айыл өкмөтүндө 1 миң гектар суулуу жер бар. Базардын түбүнөн суу түтүгү өткөн. Ошонун үстүнө бетон куюп, тегиздеп, үстүн жаап базар кылып алгандыктан суу өтүүчү түтүктөр да тосулуп, жерлерге жарым жартылай суу жетпей жатат», - деди.

Ал эми Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев бул маселе боюнча кабары бар экендигин айтты.

«Ооба, бул иш боюнча кабарым бар. Эми муну дүрбөтүп маалымат жыйынын бербей деле чечсе болот эле. Бүгүнкү күндө ишти укук коргоо органдары карап жатыптыр. Алар мыйзамга таянып иш кылышат. Учурунда тиешелүү адамдарга мыйзамдуу түрдө каралсын деп тапшырма берилген. Жалпылап айтканда бүгүнкү күндө Араван районунда стабилдүүлүк бар», - деди К.Айтибаев.

Базардын ээси делген Бабур Маннанов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Базардын администратору Ибрагимжан Юлдашев буларды айтты.

«Азыр базарга депутаттар, журналисттер менен кошо келди. Маек учурунда базарда иштеген соодагерлер депутаттарга "качанга чейин көйгөй кылып жүрө бересиңер, биз качан тынч жашайбыз" дешти. Чоң базар Маннановго тиешелүү. Бирок кеп анын жанындагы 40 чарчы метр аянтты ээлеген нан базары боюнча болуп жатат. Биз аны 1 жылга ижарага алып, анын мөөнөтү бүттү. Кайра жаңылаганга чейин депутаттар сотко берип жиберишиптир. Эми иш облустук сотто каралып жатат», - деди И.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×