Жаштар Олимпиадасында кыргызстандык Хасан Баудунов дагы бир медаль утту (сүрөт)

Turmush - Жаштар арасындагы III жайкы Олимпиададан Кыргызстандын капчыгына дагы бир медаль кошулду. Ал — Хасан Баудуновдун ушул Олимпиададан фехтование боюнча (шпажист) алган экинчи медалы.
Аргентинада өтүп жаткан Олимпиаданын жеке турниринде Хасан Будунов буга чейин коло медаль тагынган болчу.
Ал эми 10-октябрда континенттердеги командалардын арасында күч сынашуу болуп, Баудунов Азия-Океания-1 командасынын курамында ойноду. Бул команданын курамында Корея, Гонконг, Япония жана Тайбэйден чогулган спортчулар болушту. Командалык турнирдин финалына Европа-1 жана Азия-Океания-1 командалары чыгып, жыйынтыгында Хасан Баудуновдун командасы 2-орунга жазылган.
Жаштар арасындагы III жайкы Олимпиададан азырынча кыргызстандык спортчулар 3 медаль тагынышты. Буга чейин кыргызстандык суучул Денис Петрашов күмүш медаль уткан.
Хасан Баудуновдун жеке турнирдеги жеңиши (2018-жылдын 8-октябры):
Кыргызстандын өкмөтүнүн токтому менен 2018-жылдагы Жаштар Олимпиадасынын жеңүүчүлөрү үчүн сый акынын көлөмү бекитилген.
Мамлекеттен:
- 1-орун үчүн 1 млн сом;
- 2-орун үчүн 500 миң сом;
- 3-орун үчүн 250 миң сом сыйлык берилет. Ошондой эле медаль тагынган спортчулардын машыктыруучулары да сыйланат.