Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуКара-Кулжа району 11.10.2018 16:28 Жаңыланды: 11.10.2018 17:46

Кара-Кулжадагы Ара-Булак конушунун эли 24 жылдан бери электр жарыгы жок жашайт

Turmush -  Кара-Кулжа районундагы Алайкуу айыл аймагына караштуу Ара-Булак айылынын тургундары 24 жылдан бери электр энергиясы жок жашап келишет. Бул тууралуу Алайкуу айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбай Аттокуров билдирди.

Учурда аталган айылда 20 кожолук бар. Алар жаңы конуш катары Ара-Булак айылына 1994-жылдары отурукташкан. Бирок бул конуштагы жер трансформациядан өтпөгөндүктөн, айыл макамы да бериле элек.

Өз алдынча айыл түптөгөн жашоочулар электр энергиясы менен камсыздап, жерди трансформациялоо талабын айтып жатышат. Бул маселе 9-сентябрь күнү өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уларбек Жылкыбаев Алайкунун эли менен жолугушкан учурда да айтылган.

Ара-Булак конушу

Ара-Булак конушу

«Бул айылдагы элдин көйгөйүн чечели десек жергиликтүү бюджет жетишсиз. Андыктан бул көйгөй өкмөт тарабынан гана чечилиши керек», - деди Аскарбай Аттокуров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×