Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баракелде, Бишкек 11.10.2018 17:49 На русском

Бишкекте жөө аялды унаа сүзүп өлтүрдү

Turmush -  Бишкек шаарындагы Медеров көчөсүндө аял кишини өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу изделип жатат. Окуя кечээ, 10-октябрда саат 20:40 чамасында болгонун ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган жол кырсыктын кесепетинен 45-50 жаштагы аял жаракат алып, ооруканада көз жумган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, каза болгон аялды «БМВ» үлгүсүндөгү унаа сүзгөн.

Жол тескөөчүлөр жол кырсыкка күбө болуп, унаа жана айдоочу тууралууу маалымат билген адамдарды 0705 974777, 0555 974777 телефон номурлары аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

«Жол кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочуга өз калоосу менен Бишкек шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө келүү сунушталат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×