Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусу, Озгон 12.10.2018 11:24

Өзгөндө өзбекстандык театрчылар спектакль жана концерт тартуулашты

Turmush -  Өзгөн шаарына Өзбекстандын Ташкент шаарындагы «Мукумий» театрынын чыгармачыл жамааты келип, спектакль жана концерттик программасын тартуулады. Мэрия маалымдагандай, аларды Жогорку Кеңештин депутаты Надирбек Каримов, Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев, Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджанов жана жергиликтүү кеңештин депутаттары тосуп алып, концерттик программага күбө болушту.

Аталган концерт эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулган. Өзбекстандан келген артисттер «Жайдары келин» аталышындагы комедиялык спектакли менен элге күлкү тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×