Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 16.10.2018 09:19 На русском

Ошто чет өлкөлүк студенттерди тоноп жүргөн милиция кызматкерлери кармалды

Turmush -  Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөлүк студенттерди тоноого шектелген милиция кызматкерлерин кармашты. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, жабыркагандар Индиянын жарандары.

«Ушул жылдын 1-октябрында саат 19:15 чамасында Ош шаарынын Кара-Суу кѳчѳсүндѳ жайгашкан ресторандын алдында Индия Республикасынын 2000-жылы туулган жараны бара жаткан. Анын жолун азиат түспөлүндөгү, 25-30 жаштар чамасындагы бейтааныш адамдар тосуп, ѳздѳрүн “милиция кызматкеримин” деп тааныштырган. Алар Индиянын жаранын «ВАЗ 2107» үлгүсүндѳгү автоунаасына отургузуп, Ош шаарынын У.Салиева кѳчѳсүнѳ алып барышкан. Ал жерден Индия жаранынын жанындагы накталай 3 миң сом акчасын тартып алышып, аны автоунаадан түшүрүп жиберишкен. Өздөрү окуя болгон жерден белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Ошондой эле 11-октябрь күнү саат 21:00 чамасында Ош шаарындагы банкоматтан Индия Республикасынын 25 жаштагы жараны акча алган. Ага ошол жерден 2 бейтааныш адам жолугуп, өздөрүн "милиция кызматкеримин” деп тааныштырган. Алар «ВАЗ 2107» үлгүсүндѳгү мамлекеттик номуру жок автоунаага студентти отургузуп, Ош шаарынын Тилеке баатыр кѳчѳсүнѳ алып барышкан. Анын жанындагы накталай 100 долларын жана 2000 сом акчасын тартып алып, автоунаадан түшүрүп жиберишкен.

Бул арыз боюнча Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн ыкчам-тергѳѳ тобу окуя болгон жерлерде болушуп, тиешелүү маалыматтарды топтошкон. Иликтѳѳ, издѳѳ иштеринин натыйжасында жана жабырлануучулардын кѳрсѳтмѳсүнѳ таянуу менен шектүү катары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызмат батальонунун 25 жаштагы эки кызматкери индиялык студенттерди тоноого шектүү катары кармалышты. Аталган факт боюнча топтолгон маалыматтар юридикалык баа берүү максатында Ош шаардык прокуратурасына жиберилди», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×