Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 16.10.2018 10:06

Акыркы суткада өлкө аймагында 12 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 16 бөлүм жөнөтүлгөн, деп билдирди бүгүн, 16-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан Н.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын имаратынан өрт чыгып, анын кесепетинен музыкалык аспаптар жана 2 даана отургуч күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Чүйдөгү Сокулук районунун Чаткүл айылында турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×