Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 16.10.2018 10:37 На русском

Оштогу ишкерлер көйгөйлөрүн айтышты

Turmush -  Ош шаарында 15-октябрда Каржы полициясынын кызматкерлери менен чакан жана орто бизнес менен алектенген ишкерлерин жолугушуусу өттү. Анын алкагында эки тарап ачык сүйлөшүп, ишкерлер кездешип жаткан көйгөйлөрдү айтышты.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысынын орун басары Эмил Жамгырчиев ишкерлер менен бажы кызматкерлери өз алдынча иш алып барганы үчүн мамлекеттик казынага пайда түшпөй жатканына токтолду.

«Учурда бажы кызматкерлери жана жетекчилердин үстүнөн иш козголду. Биздин негизги максат — кылмыш ишин козгоо гана эмес, биринчи кезекте ишкерлерди коргоо», - деди Эмил Жамгырчиев.

Ишкерлер мыйзамсыз текшерүүлөр иштин жүрүшүн солгундатып жатканын айтышты.

«Мамлекеттик кызматкерлер ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүгө алган учурлар кездешет. Айрым учурда ишкерлерге телефон чалып, "эртең барабыз, даярдангыла" деп коюшат. Мындай текшерүүлөр ишкерлерге 15 күн мурда кат аркылуу кабарланышы керек. Ишкердин ишинен кынтык таап, акча талап кылгандар да бар», - деди Ош шаардык жаш ишкерлер ассоциациясынын директору Бектурсун Такалаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×