Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 16.10.2018 15:58 На русском

Диплому жараксыз деп табылган Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы жогорку билимди кайсы окуу жайдан алганын айтты

Turmush -  Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахмановго кылмыш иши козголуп, диплому жараксыз деп табылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы билдирди.

Маалым болгондой, Улукбек Рахмановго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 350-берененин 2-бөлүмүнүн (билип туруп жасалма документти колдонуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесиндеги талаптарга ылайык, жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ал жаза жоопкерчилигинен бошотулган. Ош облустук прокуратурасынын доо арызы канааттандырылып, Улукбек Рахмановго 2016-жылдын 6-июнунда Ош мамлекеттик юридикалык институту тарабынан берилген диплом жараксыз деп табылган. Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек, тараптар тарабынан аппеляциялык тартипте даттанылып, аталган иш Ош облустук сотто каралууда. Ош шаардык соту тарабынан айыл өкмөт башчысына эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы коюлган», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахманов: «Мен 2010-жылы Оштогу укук жана бизнес технологиялык академиясынын юриспруденция адистигине тапшыргам. 2015-жылы окуу жайыбыз жоюлуп кеткендиктен Ош мамлекеттик юридикалык институтуна которулгам. Ош шаардык соту дипломумду жасалма деп таап, жараксыз деп өкүм чыгарды. Мен дипломду көчөдөн эмес, окуу жайдан алдым. Бул боюнча Ош облустук сотуна кайрылдым. Жасалма документ менен иштесем мени дароо камап салышмак. Дипломум жасалма эмес, окууну сырттан окугам », - деди.

Улукбек Рахманов 43 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×