Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 16.10.2018 17:12

Сүрөт — Ошто музыкалык окуу жайда өрт чыгып, 2 млн сомдук аспаптар күйүп кетти

Turmush -  Ош шаарындагы музыкалык окуу жайдын имаратында өрт чыгып, кымбат баадагы эки аспап күйүп кетти. Бул тууралуу Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын директорунун орун басары Райхан Самидинова билдирди. Анын айтымында өрт бүгүн, 16-октябрга караган түнү саат 00:40 чамасында башталган.

«Өрт башталганда кароолчубуз байкап калыптыр. Ал дароо бизге телефон чалды. Биз өрт өчүрүү кызматын чакырдык. Өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин окуу жайдын жанындагы жатаканада жашаган студенттер чакалап суу ташып жатышты. Өрт алоолонуп, күчөп баратканда өрт өчүрүүчүлөр өчүрүп калышты.

Өрттүн кесепетинен окуу жайдын чоң залы толугу менен күйүп кетти. Залдын ичинде табылгыс чоң мурас болгон 2 рояль аспап кошо өрттөндү. Мындай аспаптардын бир даанасы эле 1 млн сомдон ашык акчага бааланат. Биз мындай аспапты Германиядан гана алдыра алабыз. Бирок ал аспап дагы үнү таза чыкпашы мүмкүн. Бул аспаптар окуу жайдын суусу, абасы эле. Мындан сырткары 1 фортепиано, залдагы стол, отургучтар да өрттөндү», - деди Р.Самидинова.

Аталган окуу жайда 200гө жакын студент, 56 мугалим бар. Учурда мугалимдер сабакты үзгүлтүккө учуратпоо үчүн 4 кабаттуу жатакананын 1-2-кабатында сабак өтүп жатышат.

Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык окуу жай 1963-жылы ачылган. Өрт чыккан имарат буга чейин педагогикалык институт болсо, кийинчерээк мейманкана катары пайдаланылган. Р.Самидинованын айтымында, имарат авариялык абалда деп табылган болчу.

Ал эми өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрттү өчүрүүгө саат 01:01де Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 01:05те кошумча 1 бөлүм, саат 01:10до №13 бөлүктөн 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жөнөтүлгөнүн билдирди. Өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн. Адамдар жаракат алган жок.

Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×