Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусуНоокат району 17.10.2018 09:40 Жаңыланды: 17.10.2018 16:57 На русском

Айыл турмушу: Орто Азиядагы эң чоң аргымактарды баккан ноокаттык саяпкер (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Бел айыл аймагына караштуу Бел-Өрүк айылынын тургуну Чыңгызбек Абдилазиз уулу саяпкерчилик менен алектенип келет. 37 жаштагы жеке ишкер Орто-Азиядагы эң чоң аргымактарды багууда.

Анын бир тууган иниси Жылдызбек Абдилазиз уулунун айтымында, агасы багып жаткан аргымактардын баасы миллиондорду чапчыйт.

«Кыргыздар эзелтеден эле жылкыларга жакын болгон. Кыргыз эли көчмөн эл болгондуктан, башка аймактарга көчкөндө, душмандар менен салгылашкан учурларда да аргымактарды пайдаланып, баалап келишкен. Мисалы Манас атанын аты Аккула. Ал Манасты бир нече ирет өлүмдөн алып калган күчтүү ат болгону китептерде баяндалып келет. Кыргыздар атты өздөрүнүн канаты сыяктуу эсептешкен. Андыктан агам да ата-бабалардын жолун жолдоп, саяпкерчиликти колго алып, учурда 4 аргымакты багып жатат. Аларды ар кандай салттуу оюндарга катыштырат.

Аргымактар Европа, Россия жана Украина мамлекетеринен алынып келген. Бул аргымактар "донская" , "владимирская" жана "английская" тукумдагы (порода ) таза кандуу аргымактар болуп эсептелет. Кыргызстанга бул аргымактар тай убагында 20 миң доллардан өйдө бааланып, алынып келген. Азыр аттардын баасынын эсеби жок. Эбегейсиз чоңойгон. Башка аттарга салыштырмалуу чоң жана күчтүү.

Аргымактар аламан улак тартыш оюндарына катышкандан бери, тактап айтканда 4 жыл аралыгында көп жолу алдыңкы байгелерди алды. Аргымактардын ар бирине өзүнчө ысым берилген. Мисалы, кара кашка атты Миллион, агыш-көк түстүү атты Аккула деп атадык. Дагы Кел-Тору жана Самолет деген ысымдарды бергенбиз.

Аламан улак тартышка чабылган чоң аргымактарды багууда жемине, суусуна көңүл бурулат. Ар бир саяпкердин өзүнчө сырлары да бар.

Аргымактар аламан улак тартыш оюндарына чыгардан мурун 60 күн тапталат. Таптоо убактысында күн сайын алыс аймакка бастырып, жем-чөбү күн сайын бир убакта берилет. Толук суутулбай чабылган аргымактардын абалы начарлап, ар кандай ооруларга кабылышы мүмкүн. Андыктан аргымакты ар дайым аламан улак тартыш оюндарына даярдап, даяр болгондо гана чабыш керек.

Аргымактар күнүнө 5-15 кг чейим жем жейт. Чоң аргымактарды багууга жылына көп каражат кетет. Кара жумуштарга иштетилбей, жыл бою көзөмөлдө турат», - деди Ж.Абдилазиз уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×