Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 17.10.2018 11:01 На русском

Ош шаарына жаңы вице-мэр келди

Turmush -  Азимов Жасур Махмудович Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 17-октябрда шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

Ж.Азимов курулуш жана муниципалдык менчик тармагын көзөмөлдөйт. Ал буга чейин Кыргыз-өзбек университетиндеги финансы жана салык кафедрасынын башчысы, Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп эмгектенген.

Буга чейин Ош шаарынын вице-мэри Зулимов Шакир Мулашевич ээлеген кызматынан бошотуу боюнча өз каалоосу менен арыз жазганын мэриянын басма сөз кызматы билдирген. Бирок Ш.Зулимов өзү эмгек өргүүгө гана чыкканын айткан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×