Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 17.10.2018 12:24

Кара-Кулжада мамлекеттик кызматкерлердин волейбол боюнча мелдеши өттү (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун борборунда мамлекеттик мекеме-ишканалар, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин арасында волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдеш коомдук ишмер Султан Ибраевдин 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Ага жалпы 8 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду ӨКМдин Кара-Кулжа райондук бөлүмү, 2-орунду Кара-Кулжа РИИБ жана 3-орунду райондук билим берүү бөлүмү багындырды.

Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан сырткары «Эң жакшы чабуулчу», «Эң жакшы коргоочу» жана «Эң мыкты оюнчу» наамынын ээлери акчалай сыйлык менен сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×