Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 17.10.2018 15:30 На русском

16 жаштагы Айдай 10 күн мурун жумушуна кеткен бойдон дайынсыз

Turmush -  Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Чек айылынын 16 жаштагы тургуну Айдай Кушбак кызы 2018-жылдын 5-октябрынан бери дайынсыз. Бул тууралуу кыздын жакындары бүгүн, 17-октябрда билдиришти.

Агасы Айбек Балтабаевдин айтымында, Айдай 9-классты аяктагандан кийин Ош шаарындагы сулуулук салондордун биринде иштеп жаткан. 5-октябрь күнү үйүнөн жумушка кетип, жумуштан чыккандан бойдон кайтып келген эмес.

Туугандары милиция кызматкерлерине кайрылышты. Туугандары Айдай тууралуу маалыматы бар жарандардан 0559 55 16 39 (агасы Айбек Балтабаев) номуру аркылуу байланышууну суранат.

айдай

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×