Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 18.10.2018 10:24 На русском

Машыктыруучу Н.Амиракулов Москвадагы мигрант мекендештерин коргойм деп, 56 жаракат алган (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын тургуну Нургазы Амиракулов 23 жылдан бери спорт менен алектенет. Ал Россиянын Екатеринбург, Санкт-Петербург, Тюмень облустарында спортчуларды эрежесиз эр уруш менен машыктырган клубдарды ачууга жетишкен. Ошондой эле Москва шаарында да үч спорт клубун түптөдү.

Буга чейин Н.Амиракулов бокс, кикбоксинг, самбо, дзюдо менен машыккан. Москвада мекендештерин тоноочулардан коргойм деп, 56 жеринен жаракат алганын айткан Нургазы мырза машыктыруучулук жашоосу жана спортчуларынын ийгилиги тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Өзүм жөнөкөй үй-бүлөдө чоңойдум. Барды да, жокту да көрүп өстүм. 2001-жылы 20 жашымда Россиянын Москва шаарына мигрант болуп баргам. Алгач базарда эжеме жардамдашып, чогуу иштедик. Тойканаларда күзөтчү болуп да иштеп, муну менен катар машыгып жүрдүм. Спорттун ар кандай түрү менен машыкканыма байланыштуу 2005-жылы эрежесиз эр уруш боюнча мелдештерге катышып, жакшы ийгиликтерге жетиштим.

Бир күнү Москвадагы мигранттарды коркутуп, тоноп жүргөндөр менен мушташа кетип, 56 жеримден жаракат алдым. Дарыгерлердин сунушу менен 2007-жылы спорттон четтедим», - дейт Н.Амиракулов.

Нургазы мырза спорттон кеткенден кийин көп жылдык тажрыйбасын башка спортчуларга үйрөтүүнү чечкен. Анын айтымында, шакирттеринин арасынан дүйнө чемпиондору чыгып жатат.

«Спорттон четтетилгенден кийин машыгып, мелдештерге катышкым келип, жаман болуп жүрдүм. Бирок дарыгерлер машыгууга тыюу салгандыктан машыктыруучу болууну чечтим. Көп жылдан бери спорттон алган тажрыйбамды башкалар менен бөлүшөм. 2008-жылы 1-апрелде спорттук клуб ачтым. Спортчулардын көбү мени тааныгандыктан ошол эле күнү 33 бала машыгууга келди. Кийинчерээк кыргыз балдардын суроо-талабы менен Россиянын башка шаарларына да спорттук клуб ачтым. Учурда ар бир клубда 100, 60, 70тен бала машыгышат», - деди ал.

Бүгүнкү күнгө чейин Амиракулов жүздөгөн балдарды машыктырып чыгарган. Алардын тарбиясы, жүрүм-турумуна да кайдыгер карабаганын айтат.

«Эгерде мен машыктырган балдар айтканымды укпай, жалкоолонсо камчы менен сабайм. Себеби мен алардын тарбиясына жана жүрүм-турумуна кайдыгер карай албайм. Балдарды машыктыруу менен гана чектелбейм, аларды ыймандуулукка үйрөтүп, чыныгы жигит кылып тарбиялоого аракет жасайм. Мен машыктырып, тарбиялаган балдардан дүйнө чемпиондору, мыкты спортчулар чыгып жатат десем жаңылышпайм. Азыр алардын күчүнө, тулку боюна карабай, адамдык сапатына, тартибине, тырышчаактыгына карайм. Мындай сапатка ээ балдар ийгиликке жетишет», - деди Нургазы Амиракулов.

Машыктыруучунун ийгиликтерге жетүүсүнө анын өжөрлүгү себеп болгон. Ата-энеси, бир туугандары каршы болгонуна карабай, өз максатына жетүүгө аракет кылган.

«Менин алгачкы устатым Турдалы Оморов деген адам болгон. Ал мени Ошто бокс менен машыктырган. Андан көп нерсени үйрөндүм. Бокс, кикбоксинг, самбо, дзюдо менен машыгып жүрдүм. Бирок бокс менен машыгуума бир туугандарым, ата-энем каршы болушкан. Буга карабай өз максаттарыма жеткенге аракет кылдым. Мелдештерге катышып, ийгиликтерди багындырдым.

Акыркы күндөрү каражат жагынан кыйналып калдык. Ата-энем биз чоңойгон сайын бирибизге жеткирсе, экинчибизге жеткире албай калды окшойт. Аларга жардам берейин деп көр тиричиликтин айынан 2001-жылы Москвага кетүүгө мажбур болдум», - дейт Н.Амиракулов.

Н.Амиракулов күжүрмөн самбо, кол күрөш боюча спорт чебери. Эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2-орунду камсыз кылган. Ал жашоосун спортсуз элестете албай тургандыгын кошумчалады. Машыктыруучу учурда 37 жашта, 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×