Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуНоокат району 20.10.2018 20:39 На русском

Видео, сүрөт: Ноокатта аламан улактын баш байгесиндеги алтын кур 140 миң сомго жасалды

Turmush -  Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында 90 жылдык мааракенин урматына 14-октябрда уюштурулган аламан улак тартыштын баш байгесине алтын кур коюлган. Коңшу өлкөлөрдөн бери келген 500 улакчынын катышуусундагы көк бөрүнү маараке ээси Камал Зикировдун неберелери белек катары уюштурушкан болчу.

Ал эми баш байгедеги кур Бишкек шаарында атайын буйрутма менен алтындан жасалганын аламан улактын уюштуруучусу Бектур Зикиров кабарчыга билдирди. Анын айтымында, байгеге алтын курдан сырткары унаа, топоз, 10 кой, токулган тайлар жана баалуу белектер, акчалай сыйлыктар коюлган.

«Улак тартышка коңшу өлкөлөрдөн жана Кыргызстандын аймагынан 500дөн ашуун улакчы катышып, миңдеген көрөрмандар күбө болушту. Акыркы убактарда аламан көк бөрү мелдештеринде эң сыйлуу байге алтын кур болууда. Бул алтын курлар көлөмүнө жараша Бишкек шаарынан атайын буйрутма менен 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин жасалат. Эгер каражатың болсо андан кымбатын жасатса да болот. Курларга атайын оймо-чиймелер да түшүрүлөт.

Бул жолку аламан улактын баш байгесиндеги кур 140 миң сомго жасалды. Мурда башкы байгеге автоунаа, жылкы, тай жана бодо мал берилчү. Азыр байгеге алтын кур берилип, улакчылар да кымбат баадагы асыл тукум аттарды багып жатышат», - деди Бектур Зикиров.

90 жылдыктын урматына өткөн аламан улак тартыштын жыйынтыгы менен алтын курду Кулатов айыл өкмөтүнүн көк бөрүчүсү Жали Султанов утуп алды. Бул оюнга Даниядан келген туристтер да күбө болушкан.
Аламан көк бөрүдө оюнчулар команда болуп бирикпестен, ар бири улакты тай казанга таштоо менен өзүнө упай топтошот. Анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×