Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 19.10.2018 11:17 На русском

Кара-Сууда 2 унаа кагышып, бири оодарылып кетти. 5 адам жаракат алган (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда 2 унаанын катышуусунда жол кырсык катталды. Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү анын кесепетинен 5 адам ооруканага жеткирилгенин тастыктады.

Окуя 18-октябрь күнү саат 20:00 чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 662-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында болду. Катта-Талдык айыл аймагынын Эшме айылынын 1953-жылы туулган тургуну Ш.М. өзүнүн «Хонда ХР-В» үлгүсүндөгү автоунаасы менен түштүктөн түндүккө карай бара жаткан. Кыргыз-Чек айылына жеткенде «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышып, оодарылып кеткен.

Экинчи унааны Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын 1974-жылы туулган тургуну У.О. башкарып жүргөнү такталды.

Кырсыктын кесепетинен ар кандай деңгээлде жаракат алган 5 адам Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилип, төртөө биринчи жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Ал эми жабырлануучулардын бири дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат, абалы оор.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштерин Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери жүргүзүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×