Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуӨзгөн району 19.10.2018 12:07 На русском

Өзгөндө террордук жардыруулар үчүн катылган курал-жарактар табылды. Шектүүлөр — бир тууган ага-ини (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда террордук иш аракеттерди жасоо үчүн даярдалган жардыруучу зат, ок атуучу куралдар жана ок-дарылар табылды. Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, текшерүү иштери 18-октябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Тинтүү жүргүзүү үчүн Ош шаардык сотунун 2018-жылдын 17-октябрында токтому чыккан болчу.

Текшерүү учурунда кол гранатасы, автоматтын октору, колдо жасалган ок атуучу курал, оптика жасалгасы менен ок атуучу курал табылып, аларды каткан адамдар Өзгөн шаарынын тургундары — 1975-жылы туулган С.Б. жана 1979-жылы туулган бир тууган иниси С.Р. экени аныкталган.

«Алар 2010-жылы Ош окуясында экстремисттик жана сепаратисттик маанайдагы адамдардын алдыңкы катарында болгон. Ошондой эле Сириядагы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун активдүү мүчөсү менен тыгыз байланышы болуп, Сирияда согуштук аракеттерге катышканы жана андагы топтордун биринин лидери экени айкын болду», - деп айтылат расмий билдирүүдө.

Бул факты боюнча экспертизалар дайындалып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×