Бөлүмдөр
Ишемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.10.2018 12:12

Мугалимдердин ыйы: Оштогу музыкалык окуу жай атайын өрттөлгөнбү? (видео)

Turmush -  Ниязалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын имаратынын өрттөлүшү боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Аталган факты Ош ШИИБ тарабынан өрт кырсыгы катары катталган. Бирок экспертизанын корутундусундагы маалыматтарга таянуу менен кылмыштын белгилери байкалса кылмыш иши козголушу мүмкүн.

Ал эми Экологиялык-техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгынын улук инспектору Г.Базарбаевдин айтымында, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аталган окуу жай көп жылдардан бери оңдолбой келгени боюнча корутунду чыгарылган.

«Өрттүн кесепетинен окуу жайдын 80 чарчы метр жери күйүп кеткен. Биз башка имараттарда өрт чыкпасын деп алдын алуу иштерин жүргүзүп жатабыз», - деди ал.

Аталган окуу жайдын директору Эркайым Исраилованын айтымында, өрт электр чубалгыларынан чыккан деп болжолдонууда.

«Өрт окуу жайдын чатырынан башталган. Эгер жылытуу системасынан чыкканда пол күйүп кетиши керек эле.

Буга чейин жаңы имарат курула турган болуп жаткан. Бирок жаныбызда күйүүчү май сатуучу жай болгондуктан, жаңы имараттын курулушу башталбай келген. Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгына жаңы окуу имаратын куруу боюнча акча каражаты бөлүнүп, долбоорлору даярдалган. Мен 2014-жылдан бери иштейм. Бизде 200дөн ашуун студенттер билим алышат», - деди жетекчи.

Окуу жайда 48 жылдан бери эмгектенген Тамара Казакбаева кымбат баадагы рояль аспаптар күйүп кеткенин белгилеп, өрткө күнөөлүү тарап жооп берсин деген талабын айтты.

«Мен студенттерге вокалдан сабак берем. Роялдар биздин табылгыс аспаптарыбыз эле. Эми андайды эч жерден таба албайбыз», - деди ал.

Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайдын имаратындагы өрт 16-октябрга караган түнү саат 00:40 чамасында башталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы өрттү өчүрүүгө саат 01:01де Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 01:05те кошумча 1 бөлүм, саат 01:10до №13 бөлүктөн 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм жөнөтүлгөнүн билдирди. Өрт саат 01:29да чектөөгө алынып, саат 02:42де толук өчүрүлгөн. Адамдар жаракат алган жок.

Өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 80 чарчы метр аянты, музыкалык аспаптар, отургучтар жана курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн себептери такталып жатат.

Оштогу маданий имараттарды текшерип жатышат. Тизмедеги музыкалык окуу жай 2 күн мурун өрттөнгөн

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×