Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Суу району 19.10.2018 16:13 На русском

Ош, Талас жана Чүйдө жаңы айыл өкмөт башчылар шайланды (тизме)

Turmush -  Бүгүн, 19-октябрда Ош, Талас жана Чүй облустарында айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо өттү. БШКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жаңы айыл өкмөт башчылар тандалды. Эми алар тиешелүү буйрук менен кызматка киришет.

Жаңы шайланган айыл өкмөт башчылар:

- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 20 добуш алган жалгыз талапкер Дооранов Абдулла Абдырайымович шайланды. Ак-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутат добуш берүүгө толук катышкан;

- Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 7 добуш алган Баков Айбек Калыгулович шайланды. Сары-Коо айылдык кеңешинде 11 депутат болсо, шайлоого толук катышты. Айыл өкмөт башчылыкка 2 талапкер катталган.

- Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 13 добуш алган Оморканов Эрнисбек Макелович шайланды. Ак-Дөбө айылдык кеңешинде 21 депутат бар жана алар шайлоого толук катышты. Айыл өкмөттүн башчылыгына 3 талапкер аттанган эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×