Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусу, Ош 19.10.2018 17:41

ОГПИ социалдык тармакка салым кошкон кызматкерлерди даярдоону улантат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 19-октябрда Социалдык коргоо жана кесиптик кошуундардын кесиптик күнүнө карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда майрамдык салтанат өттү. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Аталган саамалык окуу жайдын Гуманитардык факультетинин cоциалдык иштер кафедрасы тарабынан даярдалып, ага факультеттин жетекчилик жамааты, окутуучулар жана студенттер катышты. Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүн факультеттин деканы Т.Абжалов ачып, жалпы кесип ээлерин жана катышуучуларды куттуктоо менен социалдык иш адистигинде билим алып жаткан алдыңкы студенттерге институттун жана факультеттин ардак грамоталарын тапшырды. Андан соң студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, анда ыр-бий, обондуу ырлар аткарылып, социалдык маселелер сахналаштырылды.

ОГПИде социалдык иш адистиги 2007-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен атайын ачылган. Бул аралыкта жүздөгөн кесип ээлерин даярдап чыгарып, азыр да бир топ студентке билим, тарбия берүү менен коомдун социалдык тармагына бараандуу салымын кошуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×