Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Ош облусу, Ош 20.10.2018 10:19 На русском

Ошто кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Алардын бири 5 жолу соттолгон (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчѳлѳрү кармалды. 2 шектүүнү 10 күндүн аралыгында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери колго түшүрүштү, деп билдирди Ош ШИИБдин басма сѳз кызматы.

Алардын бири — 1979-жылы туулган Ж.Н. Мурда түрдүү кылмыштар үчүн 5 жолу сот жоопкерчилигине тартылганы маалым болду. Ал 2018-жылдын 28-сентябрында Ош шаарында 34 жаштагы аялдын денесине залал келтирип, окуя болгон жерден качып кеткен. Андан бери издѳѳдѳ жүргѳн болчу.

Кармалгандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, Ош шаардык соту бир айга абакта кармоо тууралуу санкция чыгарды. Анын үстүнѳн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбашчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергѳѳ улантылууда.

Ал эми ушул жылдын 17-сентябрында саат таңкы 04:30 чамасында Оштогу «Шейх» кафесинин алдынан 20 жаштагы жергиликтүү тургунду белгисиз адам себепсиз сабап кеткен. Бул факты боюнча издѳѳ иштери жүргүзүлүп, натыйжада кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 1983-жылы туулган С.Ы. ѳзү жашаган үйдѳн кармалды. Анын жанынан чет ѳлкѳдө өндүрүлгѳн тапанча алынган.

Учурда бул фактылар боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 241-234-беренелери (мыйзамсыз курал сактоо жана бейбашчылык) менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат. Ал эми шектүү С.Ы. 2 айга камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×