Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 22.10.2018 10:50 На русском

Кара-Сууда кыз ала качкан 3 жигит шарттуу кесилди

Turmush -  Кара-Суу райондук соту Мээрбек, Нурлан жана Жыргалдын (ысымдары өзгөртүлдү) кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Алар кыз ала качууга айыпталганы соттун токтомунда айтылат.

Мээрбек ушул жылдын 15-майында Кара-Суу районундагы айылдардын биринде Жыргалбек жана Нурлан аттуу достору менен алдын ала сүйлөшүп алып, Гүлбараны (ысымы өзгөртүлдү) ала качып кетишкен.

Айыпталуучу Мээрбектин айтымында, жабырлануучу менен 2016-жылдын жазына чейин кыз-жигит катары сүйлөшкөн. Ал Гүлбарага баш кошууну чечип, бирок кыздын туугандары эрте экенин айтышкан.

«Апам каза болуп калып, сүйлөшкөн кызымды үйгө алып келүүнү чечтим. Досторум менен макулдашып, аны ала качып келдик. Гүлбара буга каршы болгон жок. Андан кийин анын эжеси келип, жаңжал чыгарып, Гүлбараны алып кетти. Ал эжесинен таасирленип, милицияга арыз жазды», - деп көрсөтмө берди айыпталуучу.

Жабырлануучунун тууганынын айтымында, 2018-жылы 15-майда Гүлбаранын атасы телефон чалып, окуя тууралуу билдирген. Ал Мээрбектин үйүнө барып, Гүлбаранын апасы Россияда экенин айтып, той өткөрүүгө шарт жоктугун түшүндүргөн. Мээрбектин эжеси менен кайым айтышып, милицияга арыз жазган. Учурда айыпталуучуга доосу жок.

Жыйынтыгында сот айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, 1 жылдык сыноо мөөнөтү менен 5 жылга шарттуу кести.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×