Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2018 12:52 Жаңыланды: 22.10.2018 13:38 На русском

Ошто 4-кабаттан баласы менен кошо секирген келин ооруканадан тергөө абагына которулду

Turmush -  Ош шаарындагы жатакананын 4-кабатынан 8 айлык баласы менен кошо секирген келин учурда Жалал-Абадда кыз-келиндердин тергөө абагында сурак берип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, келинге карата окуя болгон күнү эле кылмыш иши козголгон. Ал 10-октябрга чейин ооруканада ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатты. Абалы жакшырганына байланыштуу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет жасоо) негизинде тергөө абагына жеткирилген.

Ал эми Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раеванын айтымында, учурда наристени окуядан кийин Чүйдөн Ошко атайын келген чоң апасы багып жатат.

«Наристенин абалы канааттандырарлык. Учурда баланы чоң энеси багып жатат. Ал эми баланын атасы Кайыңды айылындагы үйүнө кетти. Анткени анын дагы 2 баласы бар.

Биздин кызматкерлер келинге паспорт алып берүү үчүн керектүү документтерди паспорт жана виза берүү мекемесине тапшырышкан. Анын паспорту келгенден кийин баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алынат», - деди Г.Раева.

--------------------------------------------------------------------

Балалуу келин 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Ал Чүй облусунун 1978-жылы туулган тургуну экени, колундагы уулу 2018-жылдын февраль айында төрөлгөнү такталды. Окуянын кесепетинен экѳѳ тең денесинен жаракат алып, тез жардам кызматынын дарыгерлери аларды эки башка ооруканага жеткирген.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, терезеден кулаган аялдын буту сынса, баласынын баш сөөгү сынып, баш мээсине кан уюп калган.

Бул окуя боюнча соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертиза дайындалган. Алгачкы териштирүүнүн жыйынтыгына караганда, 4-кабаттан секирген келин үй-бүлөсү менен Чүй облусунда жашап жаткан. Жолдошу менен пикир келишпегендиктен эки баласын кайненесине таштап, кичүү баласы менен август айынын ортосунда Ош шаарындагы бир тууган эжесинин үйүнѳ келген. Күбѳлѳрдүн айтуусунда, акыркы мезгилдерде алкоголдук ичимдиктерди кѳп ичип жүргѳн.

Бул фактыга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон. Расмий маалыматта баласын көтөргөн аял терезеден секирген учурда мас абалда болгону айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

07.09.2018Сүрөт — Ошко конокко келген келин 8 айлык баласы менен кошо 4-кабаттан секирди
07.09.2018Ошто 4-кабаттан 8 айлык уулу менен кошо секирген келин 2 баласын кайындарына таштап келген
11.09.2018Ошто 4-кабаттан 8 айлык баласы менен кошо секирген аял мас абалда болгон. Кылмыш иш козголду
14.09.2018Ошто 4-кабаттан кулаган эне-баланын документтери болгон эмес. Наристенин жаракаты оор
27.09.2018Ошто 4-кабаттан кулаган эне-баланын абалы: Наристе чоң апасынын кароосунда
04.10.2018Ошто 4-кабаттан 8 айлык баласы менен кошо секирген аялдын күйөөсү көрсөтмө берди
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×