Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2018 15:35 На русском

Ошто «Хонда Фит» 2 унааны сүзүп, 4 аял ооруканага жеткирилди

Turmush -  Ош шаарында жол кырсыгы катталып, 4 жүргүнчү аял ооруканага жеткирилди. Учурда алар шаардык оорукананын сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатат.

Булактар аркылуу маалым болгондой, 20-октябрь күнү саат 23:50 чамасында Ош шаарынын 1986-жылы туулган тургуну Ж.А. «Хонда Фит» үлгүсүндөгү автоунаасын айдап чыккан. Ал Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүнөн түштүктөн-түндүктү көздөй бара жатып, Р.Абдыкадыров көчөсү менен кесилиште каршы тилкеде бара жаткан «Лексус 330» үлгүсүндөгү унааны сүзүп өткөн. Андан ары жол четинде токтоп турган «Хонда Фитти» сүзүп токтогон. Анын кесепетинен 4 аял денесинен ар кандай деңгээлде жаракат алды.

Экинчи унааны Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Б.Б. башкарып жүрсө, үчүнчү — «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны Кара-Суу районунун 1992-жылы туулган тургуну К.К.башкарып бараткан.

Бул кырсык боюнча Ош ШИИБ тарабынан экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сүрөт иллюстрациялык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×