Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 22.10.2018 16:29 На русском

Ошто сауналарда сойкукана табылып, администраторлор кармалды

Turmush -  Ош шаарында сойкулар үчүн көмүскө жайларды уюштурган деген шек менен 2 саунанын администраторлору кармалды. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой, 20-21-октябрь күндөрү Ош ШИИБдин кызматкерлери алдын ала алынган маалыматтардын негизинде «Евразия» жана «Капитал» сауналарын текшеришкен. Анын жыйынтыгында сойкулук кызмат үчүн көмүскө жайларды уюштурууга шектелип администраторлор кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул факты боюнча 261-берененин (сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×