Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуАлай району 22.10.2018 17:44 На русском

Алайда 5 баланын апасы уксуска ууланды: Өлүмдүн болжолдуу себептери

Turmush -  Алайда уксуска ууланган аял 2 айдан бери эч ким менен сүйлөшпөй калган. Буга чейин маалым болгондой, 17-октябрь күнү Алай районунун 44 жаштагы тургуну уксус ичип, көп узабай каза болгон.

Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, маркум К.Н. 5 баланын апасы болчу. Кошуналарынын көрсөтмөсүнө ылайык, ал 2 айдан бери түнт болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калган. Ал уксус ичкен убакта кичүү кызы жанында болгону айтылууда. Маркум дарыгерлердин аракетине карабай ооруканада көз жумду.

Божомолдор боюнча, улуу баласынын тоюна күйөөсүнүн катышпай койгону уксус ичүүгө себеп болушу мүмкүн. Анын биринчи жолдошунан 1 уул, 1 кызы болгон. Маалым болгондой, уулу үйлөнгөндө экинчи жолдошу тойго барган эмес.

Учурда бул окуя боюнча Алай РИИБ тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Маркумдун эң улуу баласы 22 жашта болсо, кичүү кызы 7-класстын окуучусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×