Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуАраван району 25.10.2018 21:44 На русском

Видео, сүрөт — Аравандагы оорукананын курулушу 7 жылдан бери аяктабай, кайра бузулуп баштады

Turmush -  Араван районунун Мангыт айылында 7 жыл мурун 50 орундуу оорукананын имараты курулуп баштаган эле. Бирок ушул кезге чейин курулуш аяктабай, жарым-жартылай тургузулган имарат бузула баштады.

Учурда оорукананын имараты айылдагы селсаяктардын түнөгүнө айланып калды, дешет жашоочулар. Ал эми бул имараттын кароолчусуна айланган Алтынай Насирдинова коруй берип тажаганын айтты.

«Ооруканага муктаждык болгондуктан, жаңы имарат курула баштаган. Бирок курулушу бүтпөй турат. Мен оорукананын жанында жашагандыктан көз салып турам. Акыркы убактарда арак ичкени деле, уруусу деле ушул жерге чогулуп калышты. Түнү-күнү кайтарабыз, тажап деле кеттим. Быйыл дагы бүтпөсө карабайм. Өзүбүзгө керек деп 8 жылдан бери күтүп келебиз. Бүтпөй жатып бузула баштады», - деди А.Насирдинова.

Айыл аксакалы Ильяз Абдыкадыровдун айтымында, жаңы курулуп баштаган имараттын жер төлөсүндө жарака пайда болгон.

«Пайдубалы жакшы курулган эмес. Оорукана 20 жылга гана чыдашы мүмкүн. Имараттын курулушу 2011-жылы башталып, Жогорку Кеңештин депутаттары да келип, 1 жылда бүтөт деп убада беришкен. Арадан 7 жыл өтсө да бүтпөй, тескерисинче урай баштады. Зарыгып күткөн эл чарчады. Имарат курулуп бүтүп, оорукана ачылып калса райондун борборуна барбай, ушул жерде дарыланмакпыз», - деди И.Абдыкадыров.

Ал эми Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Нурлан Токтоматов оорукана үчүн 2 гектар жер бөлүнгөнүн кошумчалады.

«Оорукананын сметалык баасы 118 млн сом болгон. Тендерден уткан курулуш компаниясы 74 млн сомго куруп бермей болгон. Ушул убакка чейин 55 млн сом бөлүнүп, иш аткарылган. 19 млн сом бөлүнсө толугу менен аяктап, пайдалууга берилмек. Учурда чындыгында оңдоого муктаж жерлери бар. Оорукана пайдаланууга берилсе 11 миң адамга кызмат көрсөтөр эле», - деди ал.

Учурда айыл өкмөттө 7 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Улуу медайым Фатима Акимованын айтымында, учурда айрым жабдуулар жетишсиздигинен, бейтаптарды атайын жолдомо менен аймактык ооруканага жөнөтүп турушат.

«Бизге Мангыт айыл өкмөтүнүн тургундары кайрылышат. Мындан сырткары 5 айылда бирден ФАП элге медициналык кызмат көрсөтөт. Бизде рентген, УЗИ жоктугунан бейтаптарды аймактык ооруканага жөнөтөбүз. Жаңы оорукана ишке кирсе ушул жерде эле дарттарды аныктап, дарылайт элек», - деди Ф.Акимова.

Аталган оорукананы курууга Ош облустук капиталдык курулуш компаниясы буюртма берген. Жаңы имарат качан курулуп бүтүп, качан пайдаланууга берилери белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×