Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 23.10.2018 15:16 Жаңыланды: 23.10.2018 17:53 На русском

Акушер-гинеколог Анарбай Мамасейитов аялдарды күйөөсүнөн уруксат сурап дарылайт

Turmush -  Акушер-гинеколог дарыгерлер тууралуу сөз болгондо көпчүлүк адамдар көз алдына аялдарды элестетет. Бирок акыркы жылдарда бул кесипти аркалаган эркектерди да көрүүгө болот.

Ош шаарында 30 жылдан бери акушер-гинеколог катары эмгектенип келе жаткан 55 жаштагы Анарбай Мамасейитов иш учурундагы таң калтырган окуялар тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.

Акушер-гинеколог  Анарбай Мамасейитов

«Акушер-гинеколог кесиби эркек кишилерге таандык десем жаңылбайм. Тарыхта да акушер-гинекологдор эркектер болгону айтылат. Мен бул кесипти 30 жылдан бери аркалап келе жатам. Биздин үй-бүлөдө медицина кызматкери жок болчу. Жалгыз мен чыгып, ошондо да гинекология тармагын тандап алдым. Алгач ата-энем, бир туугандарым каршы болгон, бирок эмнегедир ушул жаатты тандадым.

Кыз балдар турмушка чыгат, балалуу болушат. Алар балдарын чоңойтушу керек, үй-бүлөсүнө каралашат. Ошентип карьерасы үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Эгерде тажрыйбалуу дарыгер болом десе эки жолдун бирөөнү тандоого туура келет. Ошондуктан аялдарга салыштырмалуу эркек гинекологдордун тажрыйбасы көбүрөөк десем болот», - деди А.Мамасейитов.

Дарыгер үчүн оор абалда келген аялдарды айыктыруу жана энелерди аман-эсен төрөтүү чоң жетишкендик.

«Аялдар оор абалда келгенде кадимкидей ойлоном. Ал адам оору менен кандай күрөшсө, мен да андан кем калбай күрөшөм. Мен ошол аялды аман-эсен төрөтүп, баласын колуна бергенимде гана өзүмө өзүм "мына, сенин бүгүнкү ийгилигиң" деп айтып калам. Ал эми төрөттөн каза болгон аялдарды көргөндө катуу кыйналам. Мен аны сөз менен түшүндүрүп бере албайм. Адатта андай учурларга эне өзү убагында дарыгерлерге кайрылбаганы себеп болуп калат», - деди Мамасейитов.

Дарыгер операциядагы наркоздон ойгонгон аядардын сөгүнгөнүн көрүп таң калган.

«Кош бойлуу аялдар кээде оор абалда келишет. Табигый жол менен төрөткөнгө кеч болуп калганда, операция жолу менен төрөткөнгө мажбур болобуз. Ошондой учурларда толук наркоз менен операция жасайбыз. Кээ бир аялдар наркоз тарап жатканда жөөлүп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп калышат. Өзүнө келген убакта көрсөң, ал аялдарды сөгүнмөк тургай сүйлөйбү деп ойлойсуң. Кээ бирөөлөрү кыйкырып, ырдап, акырында ыйлашат. Наркоздон ойгонуп жатканда орусча ар нерсенин башын сүйлөп, боорду эзген аялдар дагы болот.

Мага келген аялдарды жолдошунан уруксат сурап дарылайм. Болбосо түшүнбөстүктөр көп болуп турат», - деди А.Мамасейитов.

Ал — өз кесибин сүйгөн дарыгер.

«Мен эч качан өз кесибимден уялбайм, аялдардын дарыгеримин деп айтам. Мурдараак жакшы түшүнбөгөндөр болгондур, бирок азыр көпчүлүк түшүнүп, көз караштар өзгөрдү. Медицинада эч нерсенин уяты жок. Биздин максат — адамдарды айыктыруу. Бейтаптар айыгып, адам болуп кетсе мен ошондо кадимкидей бактылуу болом. Досторум тийишип, 8-мартта майрамың менен деп куттуктап калышат. Мен да күлүп, көңүлүмө албайм. Мен дарыгер экенимди сезем», - деди А.Мамасейитов.

Ал 1988-жылдан 1999-жылга чейин Ош облустук төрөт үйүндө эмгектенген. 2000-жылдан 2003-жылга чейин шаардык төрөт үйүндө иштеп, 2003-жылы жеке менчик медициналык борбор ачты. Ал жерде учурда 10 дарыгер эмгектенет.

А.Мамасейитовдун жубайы дагы медицина кызматкери, алар 3 баланын ата-энеси. Уулу да атасынын жолун жолдоп, дарыгерлик кесипти тандады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×