Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуНоокат району 24.10.2018 18:58 На русском

Ноокаттын борбордук көчөсүндөгү тыгын жарым саатка чейин созулат (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокат шаарынын борбордук көчөсүндө жума жана эс алуу күндөрү унаа тыгыны жарым саатка чейин созулуп жатат. Баткен—Кызыл-Кыя багытындагы жүк ташуучу унаалар катары менен тизилип, жеңил унаалар өтө албай калат. Мындай тыгынды жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк жаратып жатат, дешет Ноокат шаарынын тургундары.

«Аптанын эс алуу күндөрү унаа тыгыны жарым саатка чейин созулат. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн адамдар бирден өтө беришет. Ушул жерге жол чырак орнотуп же жол тескөөчү иштесе ыңгайлуу болмок», - деди жергиликтүү жашоочу Шаимбек Алимбаев.

Ноокат шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, бул негизги жол Транспорт жана жолдор министрлигинин балансында турат. Шаардын вице-мэри Данияр Тажибаев бул маселени асма көпүрө аркылуу чечүү жолуна токтолду.

«Жол тыгыны жума күнү гана жаралат. Бул сызыктар тургундардын суранычы менен баш аламандыкты жоюу максатында сызылган. Жөө жүргүнчүлөр буга чейин каалаган аймактан унаа жолду кесип өтүп, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратышкан. Ошондуктан тосмолорду орнотуп, эки жерден гана жүргүнчүлөргө өтмөк сыздырганбыз. Тыгынды жоюу үчүн жер үстүндөгү өтмөк куруу планы бар. Бирок ал долбоорду Транспорт жана жолдор министрлиги Баткен—Бишкек—Ош жолун оңдогондон кийин гана ишке ашыруу мүмкүн. Биз министрликке жер үстүндөгү өтмөк же асма көпүрө куруу суранычы менен кайрылганбыз», - деди Данияр Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×