Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусу, Ош 24.10.2018 16:36 Жаңыланды: 25.10.2018 13:15 На русском

Видео: Ошто 8 жаштагы кызга сексуалдык аракеттерди кылууга шектелип атасы кармалды

Turmush -  Ош облусунун аймагында 8 жашар кызына ыпылас аракет көрсөткөн деген шек менен атасы кармалды. Жабыркаган кыз, апасы жана иниси менен бирге 22-октябрда Ош шаарындагы кризистик борборго кайрылганы маалымдалган.

Жабырлануучу кыздын апасы бул окуя боюнча Ош ОИИБге арыз жазган.

Кризистик борбор

Апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичпей эле өзүнүн канынан жаралган кызына ыпылас аракет жасаган.

«Мен жолдошумдун мындай аракетин ушул жылдын март айында көрдүм. Мойнуна алган. Ошондон кийин мени урат, эшикке дагы чыгарбайт. Айбан деле баласын коргойт, мени эшикке чыкса бирөөлөргө айтып салат деп ойлоп, такыр чыгарбайт. Акыркы 3-4 жылдан бери ичимдик ичпей калган. Соо болуп, намаз окуп жүрүп кылган иши ушул болду.

Акыры үйдөн качып кетүүгө аргасыз болдум. 4 балам үчүн ушул убакка чейин жашап келдим, акыры чыдабай калганда качтым», - деди ал.

Кийинчерээк Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Равшан Мурзаев бул үй-бүлөнүн абалы тууралуу айтып берди.

«Ал үй-бүлөнүн социалдык абалы жакшы экен. 24-октябрда үй-бүлөнүн абалы менен жеринде таанышып, мектептеги мугалимдер менен да сүйлөшүп келдик. Кыздын апасы элге аралашып эле жүргөнүн айтышты. Ошондой эле аял эч кимге арызданган эмес. Кызын ооруканага да алып барбаптыр. Жолдошу 4 жылдан бери ичпей калган. Кризистик борборго барып келинден кабар алдык. Келиндин айтуусунда, күйөөсү ичип алып ошол ишке барыптыр», - деди Равшан Мурзаев.

Ал эми «Ак-Жүрөк» кризистик борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, келиндин бара турган жери жок болгондуктан күйөөсүнүн кордугуна чыдап жашап жүргөн.

«Келиндин туугандары дагы жок экен. Жолдошу дайыма уруп келген. Ал тургай сексуалдык зордук-зомбулук да көрсөтүп келгенин айтып жатат. Кызынын денеси титиреп турат. Эч кимге сүйлөбөйт экен. "Жок" же "ооба" деп гана жооп берет. Учурда кыздын абалы начар, жанына эч кимди жолотпойт.

Апасы Ош облустук ички иштер башкармалыгына күйөөсүнүн үстүнөн арыз менен кайрылган. Учурда эспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Мындай окуялар сөз менен эле айтылып калат. Мамлекет тарабынан катуу чара көрүлсө адамдар мындай жаман жолго бармак эмес», - деди ал.

Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев билдиргендей, учурда кыздын атасы Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«1983-жылы туулган келин кызы, баласы менен Оштогу кризистик борборго келип, зордук-зомбулукка кабылганын айткан. Ал 23-октябрь күнү арыз менен кайрылды. Биринчи арызында 1979-жылы туулган күйөөсү күч колдонуп урганын, денесине залал келтиргени айтылса, экинчи арызында күйөөсү 8 жашар кызына ыпылас аракеттерди жасаганы жазылган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Ал эми жолдошу көрсөтмөсүндө кызына ыпылас аракет жасаганын мойнуна алган эмес. Жубайы телефондон башка адамдар менен жазышканы үчүн урганын айткан.

Учурда милиция кызматкерлери тактоо иштерин жүргүзүп, окуучу кыз менен психологдор иштешип жатышат», - деди Ж.Аширбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×