Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Ош облусуКара-Кулжа району 24.10.2018 18:37

Сүрөт: Ишкер Курсантбек Сатыбалдиев Кара-Кулжанын Токбай-Талаа айылына 9 млн сомго көпүрө курду

Turmush -  Кечээ, 23-октябрь күнү Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнө караштуу Токбай-Талаа айылында жаңы көпүрө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди Дыйканов жана жергиликтүү тургундар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган көпүрө Токбай-Талаа айылын жайыт жана кыштоо менен байланыштырып, каттамды жакшыртууга шарт түзөт. Бул долбоор Аймактарды өнүктүрүү жылына карата сунушталып, жеке ишкер Курсантбек Сатыбалдиев жана анын бир тууган инилери — Бакайбек, Эрмек жана Кошой тарабынан колдоо тапкан. Алар көпүрөнүн курулушун толугу менен каржылап, 9 млн сом акча каражатын жумшаган.

«Өзүм Токбай-Талаа айылында төрөлүп, ошол жерде чоңойгом. Андыктан айылдын негизги көйгөйү эмне экендигин жакшы билем. Бул көпүрөнүн курулушу боюнча эч ким билген да, элестеткен да эмес. Бирок мен көп жылдардан бери элдин бул көйгөйүн чечүүнү көздөп жүргөм. Аймактарды өнүктүрүү жылына карата көпүрөнү курууну колго алдым. Бул жерде эч кандай саясат жок. Ар бир жеке ишкер өз айылына бир аз болсо да салым кошсо, өлкөбүз өнүгөт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, башка ишкерлерди да өлкөгө салым кошууга чакырып кетет элем», - деди Курсантбек Сатыбалдиев.

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Чолпонкул Сатыбалдыевдин айтымында, Тар дарыясы агып өткөн жерде буга чейин ат өтүүчү гана көпүрө болгон.

«Дарыянын аркы өйүзүндө үлүш жерлер, кыштоолор жана жайлоолор жайгашкан. Эл тоют чөптөрүн ат-эшек менен ташып жүрүшкөн. Бул көпүрөнү 2 миң адам колдонот. Эл көпүрө такыр курулбайт деп жүрүшкөн. Бирок ушул эле айылдын тургуну, жеке ишкер Курсантбек Сатыбалдиев ишти өз колуна алып, толук бүткөрүп берди. Ага жалпы эл ыраазычылыгын билдирет. Көпүрө курулуп, элдин негизги көйгөйү чечилгенден кийин эл каалаган убакта кыштоо жана жайыт жерлерине автоунаалар менен барып калды. Ушундай эле демилге менен мындан 4 жыл мурун Токбай-Талаа айылынын тургундары таза суу көйгөйүн чечишкен. Ага жалпы 5 млн сом акча каражаты жумшалган. Анын ичинен 1,5 млн сомду ишкер Курсантбек Сатыбалдиев өз капчыгынан берген. Курсантбек Сатыбалдиев буга окшогон кайрымдуулук иштерди жыл сайын жасап келет», - деди айыл өкмөт башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×